Дамирбек Момбеков менен Бермет Момбекованын жубайлык бактысы

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Кум-Арык айылындагы 58 жаштагы жубайлар Дамирбек Момбеков менен Бермет Момбекова 38 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Бермет Момбекованын айтымында, уул-кыздары турмуш куруп калышкан.

«3 кыз, 2 баланы ата-энесибиз. 3 кыз турмушта. Улуу балам үйлөнгөн. Эң кичүү балам маданият чөйрөсүндө иштейт, үйлөнө элек. 16 жээн неберебиз бар.

Илгери союздун убагында интернети жок эле бетме-бет жолугуп калып сүйлөшүп, баш кошчу. Эл катары бири-бирибизге жакшы көрүү сезимдерибиз менен эле баш кошконбуз. Ушу күнгө чейин эриш-аркак сыйлашып, жашап келе жатабыз. Кудайга миң мертебе шүгүр, балдар-кыздарыбыз ыймандуу, кайрымдуу, тарбиялуу. Азыр өздөрү ата-эне болуп калышты.

Кенже уулумдун таланты тай жактан өткөн окшойт. Атасы тарап спортко жакын. «Торгоюм» деген ырдын автору Рыскулбек Турсуналиев менин бир тууган таякем. Балам ошол тарапты көп тартса керек. Таякебиз олтурган жерден ыр саптарын куюлуштуруп жазган комузчу, сүрөтчү болгон.

Башка үйгө келин болуп келип, ал үйдүн жашоо тиричилигине аралашып кетиш өтө эле кыйын. Бирок биздин апабыз аябай жумшак, мээримдүү, көп балалуу болгондуктан келиндерин кызындай кабыл алды. Өз энеңден кийин эле кайын энең тарбия берет экен. Билбегенди сабыр менен баарын үйрөттү. Жолдошум ар дайым мени колдоп, коштоп турат.

Пример HTML-страницы

Жашоодо эки тарап болот, баарын сабыр менен жеңиш керек. Убакыт деген зымырык куш, көз ачып жумганча балдар чоңоюп кетет экен. Эң биринчи кызымды турмушка узатып жатканда жолдошум экөөбүз колдон бир алтын кушту учургандай эле болгонбуз. Көпкө көнбөй жүрдүк. Анан жашоо өз нугу менен өтө берет экен. Жыл өтүп кыздар удаа-удаа турмушка чыгып кетишти. Кыздарыма ар дайым кайын журтун сыйлоо керектигин, жолдошун медер тутуу зарылдыгын түшүндүрүп келем.

Анан балабызды үйлөнттүк. Келин келе жатса акырын сүйлөшүп, балабыз үйлөнбөй эле биз үйлөнгөндөй болуп шыбырашып сүйлөшүп, келин эртең менен атасына жүгүнсө, сөздөрүнөн адашып эмне айтарын билбей калган күндөр көп болду. Анан «келинге айтып койчу, жүгүнбөй эле койсун» деп айттырды эле. Кызды ичиң ачышып узатат экенсиң. Келин алсаң үйүң кайра сүйүнүчкө толуп, кубанат экенсиң.

Кыздар-балдар балалуу болгон сайын кандай гана керемет. Небере деген кандай ширин, балаңан да таттуу, өздөрүнчө эле бал ширин. Буйруса эми кичүү балабызды үйлөнтүп, ошолордун ысык чайын ичип, бактысына бөлөнсөк деген үмүттөбүз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️