Дал ушул жерде жан берген жигит менен кыздардын байланышы

TurmushОш шаарындагы Түштүк-Чыгыш кичи районундагы көп кабаттуу үйдөгү батирден боюн таштаган кыздардын иши боюнча Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков комментарий берди.

Анын айтымында, 5-кабаттан боюн таштаган кыздар 7-класстын окуучулары, экөө бир класста окушкан.

«Бүгүн, 17-март күнү Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабар түшкөн. Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу №9 үйдүн чатырынан 2 кыз боюн таштап жиберген. Бири окуя болгон жерде каза таап, экинчиси ооруканага жеткирилген.

Бүгүн, 17-март күнү түшкү саат 13:00 чамасында эки окуучу кыз аталган көп кабаттуу үйдүн чатырына чыгып, ошол жерден секиргени аныкталган. Бул кыздар Ош шаарындагы Карл Маркс мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу болушкан. Экөө тең бир класста окушкан. Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, экөө тең 6 саат сабак окуп, жакшы эле маанайда чыгышкан. Эмне себептен бул кадамга барганын ар тараптуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда ошол жердин жашоочуларын, маркумдун, ооруканадагы кыздын жакын туугандарын сурап, иштин себептерин тактоо иш-чаралары жүрүп жатат», — деди Сыдыков.

Анын айтымында, өспүрүмдөрдү суицидге баруусу ушуну менен үчүнчү ирет бир даректен катталууда.

«Бул үчүнчү учур. Жыл башында эле аталган даректен дагы бир окуучу каза болгону тууралуу маалымат бергенбиз. Ал эми жыл башында каза болгон баланын окуясы менен азыркы кыздардын окуясынын байланышы бар же жоктугу белгилүү эмес», — деди З.Сыдыков.

Пример HTML-страницы

Учурда Ош облустар аралык балдар ооруканасынан дарыгерлер тобу келип, кыздын өмүрүн сактап калуу үчүн медициналык жардам көрсөтүүдө.

«Кыздын абалы өтө оор бойдон калууда. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Балдар ооруканасынан дагы дарыгерлер келишти. Консультация алып, биргеликте карап жатабыз», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️