Пример HTML-страницы

Дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Бексултан Турдубековду издеп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарында 2013-жылы туулган Бексултан Турдубеков изделип жатат. Токмок ШИИБге анын жакындары кайрылышкан.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бексултан 2023-жылдын 13-сентябрында саат 12:30 чамасында Ленин көчөсүндөгү үйдөн көчөгө ойноо үчүн чыгып, ошол бойдон кайрылып келген эмес.

Бул факт Токмок ШИИБге катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталган.

Тергөөгө чейинки иликтөө учурунда анын ата-энесине аталган күнү Бексултан Бишкекке кеткендиги тууралуу маалымат түшкөнү аныкталган.

Борбор калаада ал TikTok-автоблогердин видеосуна түшүүгө жетишкен: Бексултан унаа токтотуучу жайды кыдырып, өзүнө унаа тандап жаткан. Жакындары ошол унаа токтотуучу жайга келишкен. Бирок ал жерден баланы табышкан эмес.

Бексултан Алмазбекович Турдубековдун жүргөн жери тууралуу маалыматы барлар 0312 60-73-63 (нөөмөт бөлүмү), 0701 15-35-12 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы