Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу спортчулардын кийими көрсөтүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган курама командалардын параддык жана спорттук экипировкасы даяр. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт депарменти кабарлады.

Аны “Bigser sport” даярдады.

Жалпы экипировка 10 элементтен турат: атайын параддык форма ( калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма ( кепка, бомбер куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).

Белгилей кетсек, 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️