Пример HTML-страницы

Дүйнө жүзүн кыдырып келе жаткан кытайлык байкерлер Нарынга келишти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushДүйнө жүзүн кыдырып келе жаткан кытайлык ири компаниялардын жетекчилеринен, ишкерлерден жана белгилүү блогерлерден турган мото сүйүүчүлөр бүгүн, 2-июнда Нарын жергесине келишти.

Маалым болгондой, аларды Нарын шаарынын борбордук аянтында президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун орун басары Шабдан Абдырайым уулу баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, маданият кызматкерлери тосуп алышты.

Мото сүйүүчүлөр бүгүн Нарында болуп, эртең Кытайды көздөй сапар улашат.

Буга чейин 29-майда Кытайдагы «Харли-Дэвидсон» клубунун өкүлдөрү өздөрүнүн мотоциклдери менен Бишкек шаарына келишкени кабарланган болчу.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык түйүндөгү баракчасында Кытайдагы «Харли-Дэвидсон» клубунун өкүлдөрү Кыргызстанга келишерин жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE