Дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Бекжан Бейшембаевди Түптөгү жердештери тосуп алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-август күнү Ысык-Көл облусунун Түп районунда грек-рим күрөшү боюнча уландар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болгон Бекжан Бейшембаев салтанат менен тосуп алышты.

Бекжан Бейшембаев Түп районунун Карасаев айыл аймагына караштуу Тасма айылынын тургуну, Ш.Сыдыков атындагы спорт колледжинин тарбиялануучусу.

Карасаев айыл өкмөтү өзүнүн аймагынан чыккан дүйнөнүн коло медалынын ээси Бекжан Бейшембаевга ыраазычылыгын билдирип, машыктыруучуларынын эмгегине баа берди.

Андан кийин Бекжан Бейшембаевга айылдаштары, Тасма айылынын жашоочулары келечекте чемпион болгун деп баталарын беришип, аргымак мингизишти.

16 жаштагы Бекжан Бейшембаев 19-августтан 25-августка чейин Иорданияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча коло медалга ээ болду.

Пример HTML-страницы

Ал 45 кг чейинки салмак даражада күрөштү. 1/8 финалда россиялык Асланбек Костоев менен беттешип, 6:2 эсебинде жеңилип калды. Россиялык балбан финалга чыгып, Бейшембаев жубатуучу беттешке чыгуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Жубатуучу беттеште Индиянын спортчусун жеңди. Жарым финалда казакстандык Дамир Абильда менен күрөшүп, 10:7 эсебинде утту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️