Чүйлүк кызга баш кошкон Энтони Икечукву Кыргызстанда белгилүү адамдардын бири

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын тургуну Анянву Виктория. Ал нигериялык Анянву Энтони Икечукву менен кантип баш кошуп калганын, аны таң калтырган нигериялыктардын салттарын Turmush басылмасына айтып берди.

«Мен 1996-жылы Беловодск айылында жарыкка келгем. Учурда балдарымды карап, декреттик өргүүдөмүн. Бирок онлайн дүкөнүмдү иштетүү менен алекмин.

Жолдошум Энтони экөөбүз 2018-жылдын 31-августунда караоке-барда таанышып калганбыз. Ооба, Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнү белгиленип жаткан. Курбуларым бул күндү шаңдуу өткөрүүнү чечип, мени караокеге баруумду өтүнүшөт. Негизи эч жакка чыккым келген эмес, курбуларым мажбурлаганынан улам барууну чечтим. Ушундай эле абал Энтониде да болуптур. Ал да ушул күнү эч жакка баргысы келбей, досторунун демилгеси менен гана караокеге келүүгө аргасыз болуптур. Ошол жактан экөөбүз жоолугуп таанышып калып, бири-бирибизден ажырагыс болдук. Биз көпкө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн жокпуз, жарым жылдан кийин ал мага үйлөнүү сунушун киргизди.

14-февраль болчу, мен ага келсем, айланага шам жагып, колуна гүл жана шакек кармап, мени күтүп жатыптыр. Мен эч ойлонбостон “ооба, макулмун” деп жооп бердим. Дагы жарым жылдан кийин биз баш кошуп, чогуу жашап калды. Ал башка өлкөнүн жараны болгондуктан үйлөнүү оорго турду. Бул үчүн керектүү документтерди чогултуп, көп жүрдүк. Бирок Кудайга шүгүр, расмий түрдө каттодон өтүп, никеге турдук«», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу Кыргызстанда белгилүү мугалимдердин бири.

Пример HTML-страницы

«Жолдошум Анянву Энтони Икечукву 1982-жылы Нигерияда туулган. Азыркы тапта ал Нигерия жана Кыргызстандын жарандыгын алып жүрөт. Жолдошум Кыргызстанда белгилүү десем болот, анткени ал англис тилинен берген мыкты мугалимдердин бири.

Биздин баш кошуубузга ата-энем каршы болушкан жок, биздин тандообузду түшүнүү менен кабыл алышты. Ата-энем күйөө баласын абдан жакшы көрүшөт. Мен да кайненем менен жакшы мамиледемин.

Үйлөнүү үлпөт тоюбуз болгон эмес, жакындарыбызды чакырып, чакан гана отурдук. Жакын арада жолдошумдун мекени Нигерияга барып, баарын ошол жактын салты менен өткөрүүнү пландап жатабыз.

Жаңы үй-бүлөгө көнүп кетүү кыйынга турган жок, тескерисинче мага баары кызыктуу болуп жатты. Мени баарынан да нигериялыктардын акыркы сапарга узатуу зыйнаты абдан таң калтырды. Алар окшош кийимдерди кийишип, маркумду акыркы сапарга бий менен узатышат экен. Жалпы караганда биз өткөргөн үйлөнүү тойго абдан окшош», — дейт ал.

Каарманыбыз учурда 3 баланы тарбиялап жатканын айтат.

«Жолдошум экөөбүздү көргөндөр абдан таң калышат. Башында бир топ ыңгайсызданып жүрдүм, азыр көнүп калдым. Айрыкча биздин балдарыбызды абдан суктануу менен карашып, чогуу сүрөткө түшүп алууну суранышат.

Биздин 3 уулубуз бар, улуусу 3 жашта. Ал эми эгиздерим 1,6 жашка чыгышты. Алардын документтеринде атасынын атынын ордуна эки аты жазылган. Нигериялыктар эки ысым беришет, бири англис, экинчиси нигер. Улуу уулум — Донзел Муначисо, эгиздер — Итан Икечукву жана Леонард Окечукву.

Менин эки иним бар, 18 жашта жана 12 жашта. Жолдошумдун эки агасы жана 5 карындашы бар. Баары менен жакшы баарлашабыз.

Келечекке койгон максатыбыз — өнүгүү, балдарды тарбиялоо, саякаттоо жана бактылуу болуу», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️