Чүйдөн материктен материкке учкан саякатчы көпөлөктөрдү жолуктурушту  

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында репейница көпөлөктөрүн байкашкан. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына тургундар билдирди.

Алардын айтымында, аталган көпөлөктөр жылуу жана күнөстүү аба ырайында көптөгөн гүлзарларда пайда болушат.

Биолог Ирина Стежконун айтымында, алар Түндүк Африкага чейин учуп барышат.

«Репейница — континенттер аралык миграция жүргүзгөн көпөлөктөрдүн бир түрү. Евразияда бул көпөлөктөр бардык жерде жашап, жашоо чөйрөсү кенен. Анын курттары тамактануу үчүн ар кандай отоо чөптөрдү тандашат. Алардын арасынан тикенек, чалкан жана башкалар.

Жайдын аягында миллиондогон көпөлөктөр Түндүк Африкага көчүшөт. Жайкы муундагы көпөлөктөр Түндүк Африкада кышташат. Ал жерде алар көбөйүп, жаңы муундагы көпөлөктөр түндүккө көчүп кетишет. Түндүктөн кайра көпөлөктөрдүн жайкы мууну пайда болот. Жайдын аягында бул муундун көпөлөктөрү Африкага кайра көчүп кетишет. Жазында бул цикл кайталанат.

Пример HTML-страницы

Африкага учуп бара жатканда көпөлөктөр шамалды күтүп, 500 метр бийиктикте учушат. Ошондуктан жерден биз аларды көрө албайбыз. Алардын жылдык сапары 15 000 чакырымды түзөт», — деди биолог Ирина Стежко.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️