Чүй облустук милициясын жетектеген генерал жана полковниктер

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл, 2024-жылдын 1-ноябрында кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Өлкөдө бул күн тартип сакчыларынын кесиптик майрамы катары белгиленип келет. Turmush басылмасынын кабарчылары мааракени утурлай Чүй облустук милициянын тарыхы жана жетекчилери тууралуу маалымат топтоду.

Чүй облустук милициясы алгач 1925-жылдары Бишкек уездик шаардык милициянын курамында болуп, 387 кызматкерден турган милициянын отряды Чүй облусунун аймагында кызмат өтөп, И.Көбөков, Н.Шербинин жана Г.Улисков алгачкы жетекчилерден болушкан.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдары облустун укук коргоо кызматкерлери бардык эмгекчилердей эле «Бардыгы фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн!» деген ураан менен фронтто да, тыл да душман менен күрөшүүдө алдыңкы катарда турушту. 1942-жылы Токмок шаарында түзүлгөн кавалериялык кыйраткыч полктун курамына көптөгөн кызматкерлер өз ыктыярлары менен кошулган. Кызматкерлердин үчтөн бир бөлүгү фронтко кетип, калган бөлүгү тылдагы коомдук тартипти көзөмөлдөп, жумушчу-дыйкандардын коопсуздугун сактоо үчүн эки-үч эсе көп иштөөгө туура келген.

Ал жылдары да облустук милиция көптөгөн бандиттик топторду колго түшүрүп, ошол эле учурда колхоз жана совхоздордон уурдалган миңдеген тонна буудайды, жүздөгөн малды кайтарып беришкен. Облустун аймагына эвакуацияланып келгендерди жайгаштырууда, ата-энесиз калган балдарды дайындоодо алгылыктуу иштерди жүргүзүп, учурунда кызматкерлердин жардамы менен 46 миңдей бала ата-энесин тапкан.

1955-жылы Беловодск айылында милициянын демилгеси менен кечки мектептер ачылган. 1957-жылы Кара-Балта шаарында коомдук тартипти чыңдоонун алгачкы кошуундары түзүлсө, канттыктар өз демилгеси менен жаңыча жабдылган күзөт бөлүктөрүн түзүп, милиция кызматкерлери үчүн турак жайларды кура баштаган.

1956-жылы Фрунзе облусунун жоюлушуна байланыштуу облустук милиция да жоюлуп, кайрадан 1991-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республкасынын №186 токтомунун, СССР ИИМдин 1991-жылдын 1-мартындагы №70 буйругунун жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин 1991-жылдын 16-майдагы №105 буйругунун негизинде Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы түзүлүп, аны милициянын полковниги Кубанычбек Турманбетов жетектеген.

Пример HTML-страницы

Ал жылдары Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы кылмыштардын бетин ачууда жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, көптөгөн резонанстуу кылмыштарды ачканга жетишкен. 1991-жылы Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү чечен улутундагы кылмыштуу топту колго түшүрүп, алардан 3 тонна 200 килограмм баңгизат алышкан. Бул ошол мезгилде союз боюнча эң чоң көлөм деп табылган.

Бүгүнкү күндө облустун аймагында 8 райондук, 1 шаардык ички иштер бөлүмү жана 16 айылдык, 3 шаардык милиция бөлүмчөсү, 55 милициянын аймактык пункту, ошондой эле «Манас» аэропортун тейлөө боюнча аба транспортундагы бөлүмү, Чүй облусунун кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө батальону бар.

Эгемендүүлүктөн кийинки Чүй ОИИБдин жетекчилери:

— 1992-1996-жылдары милициянын полковниги Турманбетов Кубанычбек;

— 1996-2001-жылдары милициянын генерал–лейтенанты Субанбеков Бакирдин Жамалович;

— 2001-2002-жылдары милициянын генерал-майору Суталинов Мурат Абдыбекович;

— 2002-2004-жылдары милициянын полковниги Кангелдиев Эркин Нургазиевич;

— 2004-2008-жылдары милициянын генерал-майору Кыязов Кемелбек Абдыкадырович;

— 2008-жылы милициянын генерал-майору Курманалиев Сабырбек Эшбаевич;

— 2008-2010-жылдары милициянын полковниги Нурманбетов Болот Турусбекович;

— 2010-2012-жылдары милициянын генерал-майору Жусубалиев Бактыбек Бейшеналиевич;

— 2012-2016-жылдары милициянын полковниги Батырканов Капар Турусбекович;

— 2016-2017-жылдары милициянын полковниги Жумагазиев Канат Сагынович;

— 2017-2018-жылдары милициянын полковниги Сарчаев Нурлан Асанбекович;

— 2018-2021-жылдары милициянын генерал-майору Курманкулов Самат Ажыгулович;

— 2021-2023-жылдары милициянын полковниги Асаналиев Сапар Тилекович;

— 2023-2024-жылдары милициянын полковниги Исаков Дамирбек Жолочуевич;

— 2024-жылдын апрель айынан бүгүнкү күнгөн чейин милициянын полковниги Абдырахманов Каныбек Кадыркулович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️