Чыныгы эр-азаматтардын оюну аркылуу таанылган Сейдалы Келдиев

TurmushСокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын тургуну Келдиев Сейдалы Муралимович 20 жылдан бери торпок жана улак тартып келет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.

«Мен 1983-жылдын 2-апрелинде Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылында төрөлгөм. Бала кезимден эле ат үстүндө шамалдай сызып ойногонду жактырчумун. Эртең улак тартыш болот деген түнү уктабай чыкчумун. Мектепти аяктагандан бери, тактап айтканда 18 жашымдан тарта көк бөрү оюнун өздөштүрө баштадым. Ошол эле учурда менин атам жана чоң атам убагында улак тартчу. Кийинчерээк атам менин чапкан аттарымды таптап, саяпкер кесибин аркалап калды. Кыргыздын улуттук оюндарынын басымдуу бөлүгүн атсыз элестете албайм. Мисалы, эр эңиш, кыз куумай, ат чабыш, көк бөрү дегендей. Муну менен катар спортко эң жакын жаныбар — бул жылкы. Биз да оюн талаасына ат үстүндө чыгабыз. Улакчы менен жылкынын ортосунда өзгөчө бир байланыш болот. Эгер экөө бири-биринин тилин таап, түшүнүп кетишсе, көп ийгиликтерди жаратышат. «Атты балаңдай карап, душманыңдай чап» дегендей, оюн учурунда кызуу кандуулукка алдырып, атты катуу чаап жиберген учурлар болот. Бирок ага карабастан ат сенин эң жакын досуң бойдон кала берет. Сүйлөй турган тили жоктугу эле болбосо, абдан акылдуу жаныбар», — деди ал.

Анын айтымында, оюн учурунда көп жаракат алган.

«Деги эле көк бөрү, торпок тартыш, аламан улак оюндары ден соолукка гана эмес, өмүргө да кооптуу десем болот. Анткени оюн учурунда кызуу кандуулукка алдырып, эч нерсени байкабай каласың. Спортто ден соолук менен оору, жеңиш менен жеңилүү дайыма бирге жүрөт. Өзүм да көп жаракат алгам. Кабыргам, бутум, акырегим сынган. Бирок Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. Жайкысын күн ысыганда улак оюну токтойт. Дал ошол учурда өзүмдүн ден соолугумду чыңдоого аракет кылам. Күзүндө суук түшө баштаганда улакчылардын оюну башталат. Учурда улуттук оюндарга өзгөчө көңүл бөлүнүп, байма-бай уюштура башташты. Соорунга унаа, төө, жылкы, торпок коюшат. Олжолуу орундарга ээ болуп, көп байге уттум», — деди ал.

С.Келдиев бул оюнда кыз-келиндер ойногонун көрбөгөнүн айтат.

«Эрендердин эр оюну — көк бөрү. Чынында чыныгы эр-азаматтардын кыл чайнашы деп эсептейм. Анткени бул оюнда кыз-келиндер ойногонун кулагым укпаптыр, көзүм көрбөптүр. Азыркы 21-кылымда табиятынан назик келген аялзаты жоон билек келген эркектер менен тең тайлашып, керек болсо алардан да ашып түшкөн учурлар бар. Ага мисал катары эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, эң жеңил салмак категориясы боюнча UFC чемпиону Валентина Шевченкону айта кетсек жарашчудай. Ат үстүндө шумкардай сыза учкан кыргыз эли илгертеден эле эли-жерин коргогон, душман келсе коркпогон, кылыч алып колуна, чабуулга карай жөнөгөн Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза сыяктуу баатыр кыздарды тарбиялап келген. Балким келечекте ойлосоң ойго келбеген, уктасаң түшкө кирбеген нерселер болуп кетип, кыз-келиндер арасында көк бөрү командасы түптөлүп, дүйнө элин таң калтырат. Азырынча айтуу кыйын», — деп сөзүн жыйынтыктады улакчы.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️