Чыгымга учураган соодагерлер эмне дейт?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында селдин кесепетинен жабыр тарткан борбордук базардагы соодагерлерге кенемте толук төлөнүп бериле элек. Бул тууралуу кечээ, 19-сентябрда Turmush басылмасынын кабарчысына соодагерлер билдирди.

Ош шаарындагы катуу селден кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соодагерлер менен жеринен жолуккан. Анда Камчыбек Ташиев ар бир жабыр тарткан адамдын тиешелүү документтери текшерилип, комиссия иштеп чыккандан кийин 100 миң сомдон кенемте төлөнүп берилерин айткан. Эгерде кенемте акчалар берилбегени тууралуу кайрылуулар болсо, жетекчилер жооп бере турганын эскерткен.

Соодагерлер карыз, насыяны жабабы деген үмүт менен кенемте акчасын күтүп жатышканын айтты.

«Биз базардын орто катарында турган соодагерлербиз. Селдин кесепетинен 400-500 миң сомдук чыгымга учурадым. Такыр эч нерсебиз калбай, шыпырып агып кетти. Ага деле макул дедик, айла жок баарына көндүк. Карызга алынган товарлар менен кайра соодабызды калыбына келтирип жатабыз. Ушул кайрылуу аркылуу бийлик башындагыларга элге берилип жаткан 100 миң сом кенемтени орто катарды соодагерлерге да таратып берсе жакшы болмок. Реалдуу карап, атайын комиссия түзүлсө. Ортоңку катардагы бирөөбүзгө дагы берише элек. Эч нерсеси акпагандар алып жатышат», — деди соодагерлердин бири Гүлбарчын Боронбаева.

Катуу сел борбордук базардын жарымынан көп бөлүгүн агызып кеткен. Ак-Буура дарыясынын үстүнө жеке ишкерлер тарабынан курулган көпүрөлөр базардын кыйрашына себеп болгону да айтылган. Соодагерлердин айтымында, дарыянын жээгине жеке базар уюштургандар биринчилерден болуп кенемте алган.

Пример HTML-страницы

«Акылбек Жапаров келгенде бардык жабыр тарткандарга 100 миң сомдон берилери айтылган. Бизди анда сүйлөтпөй, жакын жолотпой койгон. Жапаров өзү да «силерди карап беребиз» деп айткан. Азыр толук сел алып кеткендерге 1 сом жок, кечээ жаңы ачылган базарлардагылар 100 миң сомдон алып отурушат. Ошол жеке базарлардын айынан бизди сел алды. Жеке базарлардын ээлери көпүрөлөрдү ылдый куруп салып, суу ашып кеткен. Ошолор 100 миң сомдон алып, биз калып калдык», — деди соодагер.

Аталган соодагерлердин баары өз учурунда мамлекетке керектүү төлөмдөрдү жүргүзүп келгенин жана тиешелүү документтер бар экенин айтып жатышат. Бирок керектүү иш кагаздарынын баары тиркелгенине карабай мэрия кенемте берүүнү жылдырып жатканын түшүнбөй турганын кошумчалашты.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 14-июлдагы базардагы кыйроолордон кийин ӨКМ борбордук базарда селден жабыр тартты делген 1 миң 400гө жакын адамдын тизмеси түзгөн. Бирок бүгүнкү күндө алардын тиркелген документтери тыкыр текшерилип жатат.

«Жалпы тизме такталып, Салык кызматынан керектүү документтерин толуктап көрсөтө алгандардыкын улам-улам өкмөткө жөнөтүп жатабыз. Алар бизге каражатты которуп, ошонун негизинде төлөнүп берилип жатат. Жалпы 1 миң 400дөй адамдын тизмеси түзүлгөн. Алар селден коргонуу жарандык комиссиясына катталгандар. Бирок Салык кызматынан, тиешелүү кызматтардан каттоосу бар экенин аныктап, далилдеп бере алганына берилип жатат. Бүгүн күндө 522 соодагерге белгиленген суммадагы кенемте төлөп берилди», — деп айтылат маалыматта.

—————————————————————

14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды жана Навои паркын каптаган. Селдин кесепетинен парктагы аттракциондорду да кыян суу каптады. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан көпүрөлөрдү сел алып кеткен.

Селдин кеспетинен 6 адам каза болгону болгон. Алардын арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар — аял киши жана анын 3 кызы. Ошондой эле 1985-жылы туулган аял сууга агып кеткен. Дагы бир тургун Озгур айылында жүк ташыган унаанын алдында калып каза болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-июль күнү Ош шаарына келип, борбордук базарга барды. Ал мындай сел 30 жылдан бери катталбаганын билдирген.

—————————————————————

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2024-жылдын 24-июлунда Ош шаарынын Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды башка жерге көчүрүү боюнча токтом кабыл алышкан.

Токтомдо белгиленгендей, Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды шаардын башка аймагына көчүрүү жана андан ары ал жерге соода-сатык дүкөндөрүн (контейнерлер, майда камоктор, сандыкчалар жана башкаларды) коюуга тыюу салынат. Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базардын ордуна аллея (тротуарлары жана веложолдору менен) Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларындагы нормаларга ылайык курулат.

Учурда Ош шаардык мэриясы Б.Осмонов көчөсүндө («Мегаполис» соода комплексинин тушунда) муниципалдык базар куруу боюнча иштерди аткарып жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала такталган маалыматтар боюнча, Ош шаарында жайгашкан муниципалдык жана жеке менчик базарларда, коммерциялык объекттерде жалпы 1480 субъект (анын ичинен контейнерлер, тамактануучу жайлар, дарыкана, сандык жана арабада соода кылгандар) эсепке алынып, болжол менен 387 млн 988 миң 200 сомдук зыянга учураган.

Ал эми Ош мэриясынын маалыматына караганда, селден 1000ден ашык адам жабыр тартты.

Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык борбордук базары башка жайга жылып жаткандыгына байланыштуу жаңы базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө бюджеттик ссуда алууга макулдук берүү жөнүндөгү катынын негизинде Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №12 чечими эске алынып, токтом кабыл алынды.

Ош шаарында борбордук муниципалдык базарды куруу үчүн республикалык бюджеттен 3 жылдык мөөнөткө 543,6 млн сом бюджеттик ссуда алууга макулдук берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️