Чыдамы кеткен «KG Групп» компаниясынын кардарлары бийлик өкүлдөрүнө кайрылышты

TurmushКечээ, 29-мартта АКИпресс-Ошто Манас-Ата аймактык кеңешинде жайгашкан Уркуя Салиева көчөсүндөгү №47 «KG Групп» курулуш компаниясы курган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары маалымат жыйын беришти.

Анда аталган даректеги батирлердин жашоочулары «KG Групп» курулуш компаниясы бүгүнкү күнгө чейин техникалык паспорт бербегендигин, таза суу убактысы менен гана берилерин, үй газга уланган эместигин жана жылуулук түтүктөрүнө туташтырылбагандыгын айтышып, бир нече фактыларга токтолушту.

Аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочусу Курсан Рустам уулунун айтымында, учурда бул даректе 40ка жайкын үй-бүлө жашайт. «KG Групп» курулуш компаниясы өзүнүн кардарларын 2019-жылдан бери алдап, үйдү толугу менен бүтүрбөй жатышат.

«Мен айылдагы чегимди сатып, «KG Групп» курулуш компаниясынан 2020-жылы 18-июлда ушул көп кабаттуу үйдөн батирлүү болгом. Мен бир байкеден сатып алгам. Анын айтуусу боюнча, курулуш 2017-жылы башталган. 2019-жылы баарын бүтүрүп, кардарларына бериш керек болчу экен. Үй толугу менен бүтпөгөндүктөн мен курулуш компаниянын Оштогу филиалындагы өкүлүнө кайрылгам. Ал: «Сентябрь айында бүтүрүп беребиз» деген. Анда 2020-жыл эле. Бирок алар айткан айында бүтүрүп бербеди. Кыскасы айтканда. бүгүнкү күнгө чейин коммуналдык кызматтарга туташкан эмес. Газ жок, жылуулукка туташкан эмес, лифт да жок. Азыр сууну бочкаларга толтуруп, мотор менен тарттырып берип жатат. Келишим боюнча, мөөнөттөн 3 жыл кечикти. Бирок компаниянын жетекчилери ар кайсы убакытты айтып, убадаларды берип келген. Акыры чыдамыбыз кетип, ушул жерге келип, жогорку бийлик өкүлдөрүнө кайрылып отурабыз», — деди Рустам уулу.

Маалымат жыйын берүүгө келгендердин айтууларына караганда, «KG Групп» курулуш компаниясы кардарларына бүгүнкү күнгө чейин техникалык паспорт бере элек. Бирок коммуналдык төлөмдөрдүн дүмүрчөгү келе баштаган. Андагы жашоочуларга электр энергиясы коммерциялык жол менен 2 сом 16 тыйындан эсептелип жатканын айтышат. Кеминде ар бирине 20-25-30 миң сомго чейин төлөм кагазы келген. Газга жана жылуулукка туташпагандыктан жашоочулар электр энергиясын гана колдонушат.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчылары «KG Групп» курулуш компаниясынын өкүлү Аскер Маденовго байланышканда, бул боюнча компанияга атайын кат менен кайрылганда гана жооп берилерин билдирген.

Пример HTML-страницы

«Бизге жазышкан, аларга расмий түрдө жооп бергенбиз. Ошол жоопторду деле сурасаңыздар болот. Эгерде силерге расмий жооп керек болсо, кайрылуу жазгыла. Биз расмий түрдө жооп берели. Оозеки жооп бере албайм», — деди Маденов.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматы:

«KG Групп» (Кей Джи Групп) жоопкерчилиги чектелген коому

Чет элдик катышуу жок

Каттоо: 23.07.2012

Жетекчиси: Ташов Имамидин Асамидинович

Негизги ишмердиги: турак-жай жана турак эмес имараттарды куруу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️