Turmush — Чыңгыз Кимсанов кайрадан Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бүгүн, 28-ноябрда Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Союбек Чымынтаев жаңы шайланган депутаттарга күбөлүк жана төш белги тапшырды..
Кара-Көл шаардык кеңешинде 31 мандат бар. Шайлоого катышкан 6 партия 5 пайыздык босогондо өттү.
— «Эмгек» партиясы 10 мандат;
— «Жаңы Кыргызстан» партиясы 8 мандат;
— «Ынтымак» партиясы 4 мандат;
— «Таза-Булак» партиясы 3 мандат;
— «Энергетик» партиясы 3 мандат;
— «Мекендеш» партиясы 3 мандат.
Мандат тапшырылгандан кийин алгачкы сессия өтөп, күн тартибинде 4 маселе каралды.
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө;
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө;
3. Кара-Көл шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларын шайлоо;
4. Үчүнчү элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Кара-Көл шаарынын жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө.
Төрагалыкка «Эмгек» партиясынан жалгыз талапкер Чыңгыз Кимсанов көрсөтүлдү. 16 депутат ага добуш берсе, 15 депутат каршы болду.
2023-жылдын 27-февралында Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияга чоуглуп, жаңы төрага шайланган. Жыйынтыгында Чыңгыз Кимсановдун талапкерлигин 23 депутат колдоп, 7 депутат каршы болгон.
Кимсанов Чыңгыз 1993-жылы 21-декабрда туулган. Жогорку билимдүү, мугалим.
Төраганын орун басарлыгына «Эмгек» партиясынан Бакай Токтобаев, «Таза-Булак» партиясынан Назира Уметова шайланды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.