Чуңкурчактагы «Flyjump» комплексинде аркан үзүлүп, 39 жаштагы киши киши каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧуңкурчак капчыгайында аркан менен секирүү учурунда орто жаштагы киши кулап түштү. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, окуя бүгүн, 6-июль күнү катталган.

Жеринде дарыгерлер кишиге жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок ал алган жаракатынан улам көз жумган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум үй-бүлөсү менен биргеликте аркан менен секирүү үчүн келген. Анын жанында 3 баласы бар болчу.

  • Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя боюнча маалыматты тастыктады.

2024-жылдын 6-июль күнү саат 13:30 чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан «Flyjump» спорт комплексинде аскадан секирип жатып, аркан жип үзүлүп кетип, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жаран окуя болгон жерде каза тапты.

Пример HTML-страницы

Бул факт Аламүдүн РИИБи тарабынан КБРге катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө аракеттери жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим чыгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️