Чуңкурчактагы сынакта кайсы аймактын кымызы эң мыкты деп табылды?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусундун Аламүдүн районунун Чуңкурчак капчыгайында «Kymyz Fest — 2024» кымыз фестивалы уюштурулду. Анын алкагында өткөрүлгөн «Мыкты кымыз» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталганын аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, сынакка жалпы 30дан ашуун катышуучу келген. Анын жыйынтыгы менен башкы байгеге Ош облусунан келген Нурсалам Закиров ээ болуп, 70 миң сом сертификат менен сыйланды.

Пример HTML-страницы

— 1-орунду Чүй облусунун тургуну Бегай Казиева камсыздап, 50 миң сом сертификаты тапшырылды;

— 2-орунду Ош облусунун тургуну Айжамал Качкынбаева ээлеп, 30 миң сом сертификаты менен сыйланды;

— 3-орунду Нарын облусунун тургун Гүлназ Орозбекова утуп, 20 миң сом сертификатка ээ болду.

Мындан сырткары, бардык катышуучуларга дипломдор жана 5000 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, президенттин Чүй облсунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев жана чет элдик туристтер катышты.

Кымыз фестивалында майрамдык концерттер тартууланып, улуттук спорт оюндары, кыргыздын суусундугу болгон кымызды жасоо ыкмасы, кол өнөрчүлөрдүн жана ар улуттун өкүлдөрүнүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, боз үй шаарчалары тигилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️