Чуңкурчакта салттуу «Kymyz Fest — 2024» кымыз фестивалы өтүп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧуңкурчак капчыгайында салттуу «Kymyz Fest — 2024» кымыз фестивалы өтүп жатат.

Ал Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен уюштурулган. Жалпысынан фестиваль жетинчи жолу, республикалык деңгээлде экинчи жыл катары менен өтүп жатат.

Фестивалдын алкагында кымыз көргөзмөсү уюштурулду. Катышуучулар бул улуттук суусундукту татып көрүүнү жана сатууну уюштурушту.

«Kymyz Fest — 2024» төрагасынын орун басары Улан Дүйшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда 100 чоң жайлоо бар, аларда кымыздын 100 түрү өндүрүлөт.

Фестивалдын катышуучусунун айтымында, кымыздын 12 түрү бар. Алардын эң популярдуусу самал кымыз (жарымы жаңы сүттөн, жарымы кымыздын өзү) жана кунан кымыз (3 күндөн бери турган).

Пример HTML-страницы

Бүгүнкү иш-чарага 8 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️