Чолпон-аталык акын Сабира Шейшекееванын ырлар жыйнагы жарык көрдү

TurmushЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын 33 жаштагы тургуну — акын Сабира Шейшекееванын «Поэтикаритада» ырлар жыйнагынын бет ачары өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясы борборунунда уюштурулуп, ага Ысык-Көл районунун тургундары күбө болушту. Бул ырлар жыйнагы акындын жарык көргөн төртүнчү китеби болду.

Бала кезинен ыр жазган Сабира Шейшекеева катышуучуларга ар кыл темадагы ырларын окуп берип, окуучулар, меймандар менен баарлашты. Анын айтымында, китептеги ырларын, өзгөчө мекенчилдикке үндөгөн ырларынын маанисин жеткинчектерге жеткиргиси келет. Бул багытта мектептерде, китепканаларда иш-чараларды уюштуруп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️