Чолпон-Атада спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

Кыргыз спорт жанылыктары

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Оюндар 28-31-августта Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт. Анын алкагында эр эңиш, салбуурун, ат чабыш, көк бөрү боюнча оюндар болот.  Ага спортчулар өлкөнүн бардык аймагынан келип катышат.

Мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️