Чолпон-Атада көл жээкте парашют сүйрөгөн катерлердин иши токтотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧолпон-Ата шаарынын аймагындагы көл жээктеринде парашют сүйрөгөн катерлердин иштөөсүү убактылуу токтотулду. Тиешелүү тескемеге 2024-жылдын 12-июлунда шаардык мэриянын аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Г.Курманбаева кол койду.

Маалым болгондой, мындай чечим адам өмүрүнүн коопсуздугун алдын алуу максатында кабыл алынды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын экспертинин катышуусунда өткөн жыйындагы сунуштардын негизинде көл жээгинде парашют экстремалдык көңүл ачуу кызматтарында адам өмүрүнүн коопсуздугу сакталбай жатканына байланыштуу Чолпон-Ата шаарынын аймагында көл жээктеринде иш алып барган парашют сүйрөгөн катерлердин иши тиешелүү көзөмөлдөөчү органдардын корутундулары берилгенге чейин убактылуу токтотулду.

Бул тескеме парашют сүйрөгөн катер ээлерине тааныштырылат.

  • Сөз парасейлинг экстремалдык аттаракциону тууралуу болуп жатат. Эс алуучу узун аркан менен сууда жүрүүчү транспортко бекитилет. Андан кийин парашют аркылуу көтөрүлөт.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда милиция аттракциондордун ээлери менен профилактикалык иштерди жүргүзүп жатканы маалымдалган.

Пример HTML-страницы

Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына караганда, «Солнечный берег» пансионатынын жээгинде парашютта отурган адамдар даракка асылып калган окуяга байланыштуу Ысык-Көл РИИБдин милиция кызматкерлери ушул сыяктуу кызматтарды көрсөткөн аттракциондордун ээлери менен түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Буга чейин Turmush Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында «Солнечный берег» эс алуу жайында эркек киши өспүрүм бала менен бакка кыпчылып калганын жазган.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя бүгүн, 12-июлда саат 13:30 чамасында катталган. Ысык-Көл РИИБге эс алуучулардан парашют бакка илинип калганы боюнча кабар түшкөн. Аталган факт электрондук журналга катталып, ыкчам топ жерине барган.

Анда өспүрүм эс алуучу жана парашют башкарган жаран бакка илинип калганы, ошол жердеги жарандардын жардамы менен түшүрүлгөнү аныкталган.Учурда териштирүү иштери уланууда.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери аттракцион ээлерине коопсуздукту сактоонун жана кардарлардын коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн эскертишүүдө. Ошондой эле жабдуулардын иштешин текшерүүгө, кызматкерлерди окутууга жана бардык белгиленген нормаларды жана эрежелерди так сактоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Райондук милициянын башчысы Жумгалбек Абиев жарандардын жана коноктордун коопсуздугу башкы приоритет экенин белгиледи.

Андан сырткары жакын арада бардык пляждагы аттракциондордун коопсуздугун жана кызмат көрсөтүүгө даярдыгын текшерүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарды тартуу менен кошумча текшерүүлөр уюштурулары кабарланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️