Чолпон-Ата шаарындагы «Урус» кафеси убактылуу жабылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Урус» кафеси убактылуу жабылып, ээсине айып пул салынды.

2024-жылдын 11-июлунда социалдык тармакка аталган кафеде санитардык-эпидемиологиялык эреже бузууларга жол берилгендиги боюнча маалымат тараган.

Ысык-Көл район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында Укук бузуулар боюнча кодексинин 80-беренесинин (милдеттүү медициналык кароо эрежелерин бузуу) жана 214-беренесиненин (коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык ченемдердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу) негизинде 18 000 сом айып пул салынып, 3 күнгө санитардык мөөнөткө жабылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️