Чолпон-Ата шаарында 282 млн сомдук оорукананын курулушу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-ноябрда Ысык-Көл облустук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун аймагында 100 орундуу жаңы оорукананын курулушу башталды.

Маалым болгондой, капсула салуу аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана жалпы дарыгерлик практикалык борборунун кызматкерлери катышты.

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, жаңы имаратты курууга республикалык бюджеттен 282 миллион сом бөлүнгөн.

«Быйыл Чолпон-Ата шаарына 1 миллиондон ашык адам эс алды. Ооруканаларда орундардын жетишсиздиги байкалгандыктан жаңы оорукананын курулушу абдан маанилүү. Имарат керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылат.

Үстүбүздөгү жылдын май айында 350 орундуу оорукананын курулушу башталып, жакында эле Түп жалпы дарыгерлик практика борбору пайдаланууга берилди. Жакынкы жылдары республика боюнча жалпысынан 20 жаңы оорукана куруу пландалууда.

Пример HTML-страницы

Быйыл медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды, кийинки жылдары дагы этап-этабы менен жогорулатылат», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Жалпы аянты 2958,88 м2 болгон 3 кабаттуу имаратта тез жардам бөлүмү, төрөт, гинекологиялык бөлүм жана хирургиялык бөлүм жайгашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️