Чолок-Кайыңдын тургундары айылдын кире беришине тосмо жана тротуар куруп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылынын кире бериши тор тосмо менен тосулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айнура Медетованын айтымында, айылдын 1987-жылкы муундары демөөрчүлүк кылууда.

«1987-жылкы жигиттер айылдын кире беришинин 600 метр аралыгын тор менен тосуп беришүүдө. Аны менен бирге жөө адамдар үчүн тротуар кошо жасалып жатат.

Кызыл сызыктын чектерин айыл өкмөттүн адистери тактап берип жатышат. Ал жердеги эски бак-дарактар кыйылып, ордуна тор тосмо орнотулууда. Учурда 80 унаа шагыл түшүрүлдү жана 600 миң акча каражаты сарпталды. Учурда тосуу иштери толук аягына чыга элек», — деди А.Медетова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️