Чоң унаа тебелеп кеткен адам каза таап, 4 жаран дайынсыз болуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык мэриясы селдин кесепеттери боюнча алдын ала маалымат берди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван—Ак-Буура каналына 7 автоунааны сел агызып кеткен. Төлөйкөн айыл аймагындагы жайкы эс алуучу жайда эс алып жүргөн 4 жаран белгисиз болууда.

Озгур айылында селден жарандарды өткөрүү үчүн элди «КамАЗ» унаасына түшүрүп жатышып, унаа жылып кетип, 1 жаранды тебелеп кеткен. Анын кесепетинен аталган жаран жеринде каза болгон.

Жалпы 134 үйгө сел кирип, 17 үйдүн дубалы бузулду. Болжол менен 15 унаа селден жабыркады.

Пример HTML-страницы

Ош шаарынын мэри — жарандык коргонуунун башчысы Бакытбек Жетигенов саат 18:00дө жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары менен ыкчам жыйын өткөрүп, селдин кесепеттерин жөнгө салуу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди. Ошону менен катар Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал абалы киргизилди.

Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары жана ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык гарнизонунун өздүк курамы ыкчам тартылып, селдин кесепеттерин жөнгө салуу иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жоголгон жарандарды издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️