Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылында 8 млн сомго карагай менен ак кайың отургузулду

TurmushКечээ, 7-апрелде Ош облусунун Чоң-Алай районунда «Бир адамдан бир көчөт» акциясы уюштурулду. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

  • Бул иш-чара президент Садыр Жапаров жарыялаган Кыргызстандагы тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында өттү.

Маалыматка караганда, иш-чарага Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын кире беришинде 1 чакырым аралыкка 300 түп карагай жана 150 ак кайың отургузулду. Бул жашылдандыруу ишинин сметалык баасы 8 млн сомду түздү. Дароот-Коргон айылынын кире беришине арканын капсуласы салынып, куруу иштерин баштоо алдында турабыз», — деди аким.

Анын айтымында, арканын курулушуна жашоочулар өздөрү акча чогултушкан. Ошондой эле райондук администрациянын жаңы имаратына капсула салынды. Ага 35 млн 480 миң 670 сом жумшалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️