Чоң-Алай районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-июнда саат 16:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, куткаруучуларга кокту-колоттордон келген сел Чоң-Алай айыл аймагынын Кызыл-Эшме айылында көчөлөрдү каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тактоо иштерин жүргүзүүгө Чоң-Алай райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды.

——————————————————

Кечээ, 17-июнь күнү саат 20:00 чамасында Ош облусунун кээ бир аймактарында катуу жааган жамгырдан улам унаа жолдорду сел каптаганы белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, Ак-Терек—Папан—Кожокелең унаа жолунун 41-чакырымында (№21 Жол тейлөө ишканасынын карамагына караштуу) сел түшүп, жолду тороп калган. Атайын техника иштеп, жол эки тараптуу ачылган.

Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык—Кызыл-Суу унаа жолунун 21-чакырымында (Өзгөн районунун Беш-Абышка участкасы), 28-чакырымында (Өзгөн районунун Кара-Таш участкасы) жол каттамы үзгүлтүккө учураган. №45 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду ачуу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Пример HTML-страницы

Жабыр тарткан адамдар жок.

  • ӨКМ кечээ, 17-июнда күндүн экинчи жарымында, 18-19-июнда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️