Пример HTML-страницы

Чет элдик туристтер Жумгалдагы туристтик жайларды кыдырып, элдин маданиятына күбө болушту

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 8-9-10-июнь күндөрү Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш, Кабак жана Ак-Көл айылдарында «Ак-Көл Фест» аталыштагы туризм фестивалы өткөрүлдү.

Фестиваль алгач альп көлдөрүнүн жана изилденбеген тоолор менен каньондордун сырдуу аймагына айланган Хан-Салык өрөөнүнөн башталды. Анда чет элден келген туристтерге каада-салт жана үрп-адат көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштардын жармаңкеси уюштурулду.

Экинчи күнү фестиваль Ак-Көл көлүнүн жээгинде өтүп, маданий иш-чара уюштурулду.

Фестивалдын жүрүшүндө туристтерге 50 метр бийиктиктен агып түшкөн шаркыратма, сталактит, Хан-Салык капчыгайы, Ак-Көл көлү жана башкалар көрсөтүлдү. Акыры Үңкүр-Сай жайлоосу менен капчыгайы көрсөтүлүп, тоо боорундагы үнкүрлөргө саякат улантылды.

———

Үңкүр-Сай жайлоосу Бишкек шаарынан 360 чакырым, Жумгал районунун борборунан 54 чакырым аралыкта жайгашкан.

Үңкүр-Сай жайлоосундагы тоонун түбүндө чоң үнкүр бар. Ал кеминде 3-4 бөлмөдөн турат.

Жергиликтүүлөр бул жерди көлдөр, тоолор жана каньондордун сырдуу өлкөсү деп аташат.

Ак-Көл көлүнүн өзү Түндүк-Түштүк унаа жолунан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Ал эми 50 метр бийиктиктен агып түшкөн Бүлдүркөн аттуу шаркыратма Кызыл-Октябрь айылына жакын жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE