Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Чек арадагы куралдуу жаңжалда каза болгон Д.Малашовдун үйүндө музей ачылды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон катардагы жоокер Даниэлбек Малашовдун үйүндө үй музейи ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркум туулуп-өскөн Сузактын Курманбек айыл аймагындагы иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана маркумдун айылдаштары, жакындары катышты.

Маркум жоокердин апасы Нурийла Кадырова уулунун басып өткөн жолу жаш муунга тарбиялык мааниси болот деген таризде үй музейин уюштурганын айтат.

«Жалгыз уулум жогорку окуу жайды аяктагандан кийин 2021-жылы аскердик милдетин өтөө үчүн Баткен жергесине кетти. Аны көрүү үчүн бир нече жолу барып келдик, жакшы кызмат өтөп жүргөн экен. Кээде чек араны кайтарганы чыкканда мага телефон чалып, экөөбүз көпкө чейин сүйлөшүп турчубуз. Акыркы жолу сүйлөшкөндө «Апа, мени сагындыңызбы? Мен сизди катуу сагындым» деди эле. Анан сүйлөшүп бүтөрдө «Апа, мен чек араны кайтарып турам, сиз тынч уктаңыз» деген сөзү дагы деле эсимде. Уулум мени сагынган бойдон кете берди. Андан бери 6 ай өттү, уулумдун аты өчпөсүн, анын жасаган иши башкаларга үлгү болсун деген ниетте үй музейин уюштурдук. Үйүбүздүн алдындагы чакан бөлмөгө уулум колдонгон буюм-тайымдар, сүрөттөр, кийимдери, ийгиликтерин жайгаштырдык. Аны менен катар айыл өкмөткө, жергиликтүү кеңешке сунуштап, уулумдун атын айыл аймагыбыздагы эки көчөгө ыйгардык», — деди Кадырова.

Даниэлбек Малашовдун аты Курманбек айыл аймагындагы эки көчөгө ыйгарылды.

Маркум үй-бүлөдө 3 бир туугандан ортончусу, жалгыз уул эле. Ал 2021-жылы аскердик кызмат өтөөгө Баткендеги №2023 аскер бөлүгүнө барып, 2022-жылдын сентябрь айынын аягында үйүнө, ата-энесине кайтмак. Өткөн жылдын 14-19-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда катардагы жоокер Даниэлбек Малашов да каза болгон.

Бул куралдуу чек ара жаңжалында Жалал-Абад облусунан 9 аскер кызматкери көз жумган.

Алар:

— катардагы жоокер Малашов Даниель Алмазбекович, Сузак району;

— капитан Бектенов Гүлжигит, Ноокен району;

— сержант Шарабидин уулу Бекмырза, Ноокен району;

— катардагы жоокер Карыбеков Нурислам Токтонбекович, Сузак району;

— прапорщик Акылбек уулу Баяман, Ала-Бука району;

— катардагы жоокер Курманбеков Умарбек Толонбаевич, Базар-Коргон району;

— ага летейнант Турсунбаев Эрлан Нурадинович, Токтогул району;

— катардагы жоокер Айбеков Айдарбек Айбекович, Токтогул району;

— катардагы жоокер Арыстаналы уулу Асатбек, Ала-Бука району.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE