Пример HTML-страницы

Чек арадагы чебер айым Гүлжан Эсеновадан 60 жашка чыгып калгандар сабак алып жатышат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районунун Боз-Адыр айылынын 26 жаштагы тургуну Гүлжан Эсенова чеберчилигин башкаларга да үйрөтүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинекей кезинде эле чеберчиликке кызыгып, өз алдынча кийимдерди тигип кийчү. Азыр эми заман талабына ылайык кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрүн дагы үйрөнүп, идиштерди, тойго керектелүүчү кутуларды жасап, буйрутмага жараша кийим-кечелерди да тигет. Анын колунан чыккан буюмдар дароо эле сатылып кетет. Азыр бул өнөрдү кыз-келиндерге онлайн окутуп келет. Анын окуучулары республиканын булуң-бурчунан чыгат. Эң улуу окуучулары 60ка таяса, кичүүсү 7-класста окуйт.

«Өзүм жаштайымдан чеберчиликке кызыкчумун. Мектеп убагында эле өзүмө көйнөк керектүү кийимдерди тигип кийип алат элем. Кийин турмушка чыкканда кайын энем да чебер экен. Экөөбүз ар нерселерди тиге беребиз. Азыркы учурда тикмечиликтен сырткары смола, гипстен идиштерди жасайм. Саат, картиналарды, себет, кутуларды, айнектен идиштерди жасайм. Ушул жасалгаланган буюмдарга суроо талап көп болуп жатат. Мисалы шөкүлө, куту, себет кыз узатууга, же сөйкө салуу салтына жарайт. Куда тарап сөйкө салганы барганда ушул себетке кызга керектүү косметикаларды салып барышат. Шөкүлөнү сөйкөгө кошуп алып барышат. Ар ким табитине карап түсүн тандайт, ошого жараша жасайм. Кутуларды болсо кыз узатууга алып барышат. Айнек идиштерди да тойлордо колдонушат.

Мындагы материалдарды кесип алуу үчүн атайын устаканаларга барса болот. Бирок менде атайын аппараттар бар. Үйдө эле жасайм. Керектүү буттарын, матералдарын Бишкектен алдырам. Анан бул жибектерди материал саткан дүкөндөрдөн эле сатып алам. Үйдө олтурган кожойкелер үчүн жакшы өнөр.

Мен өзүм окуган эмесмин жогорку билимим жок. Бирок азыр кирешеге чыгып, өзүбүздү каржылап калдык. Кыз-келиндерге онлайн, офлайн окутуп үйрөтөм. Интернет аркылуу Россияда жүрүп үйрөнгөн мекендештер да бар. Жалал-Абад, Көл, Талас, Оштон кыздар окушту. Менден сабак алгандардын улуусу 60 жашка таяп калган эже. Ал телефон колдонушту да жакшы билбейт. Бирок жасаган буюмдары жакшы. Эң кичүү окуучум 7-класста окуйт. Ал да азыр смола, гипстен тыйын салчууларды жасап теңтуштарына, мугалимдерине сатып, иш баштап алган.

Өзүбүздүн айылда жашайт. Атайын колдоо болуп, буга чейин бейөкмөт уюмдар тарабынан финансылык сабаттуулукту арттырдым. Анан да акысыз ноутбук алдым. Бул менин онлайн иштөөмө көмөк болду», — деди ал.

Гүлжан айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE