Чек арадагы айылда жашаган Акимбек Байзаков 70 ящик аары багып, жылына 1 тонна бал жыйнап сатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Миң-Булак айылынын тургуну Акимбек Байзаков 12 жылдан бери балчылык менен алектенет. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, алгачкы 2 ящик аарысы азыр 70 ящикке жетип, жылына орточо 1 тонна бал алат.

«Алгач 2 ящик аары багып баштагам. Аарыны кышында карабайбыз, уйкуга кетишет. Жаздо тоолорго алып чыгабыз. Канчалык гүлдүү жер болсо бал жакшы алынат. Суулуу жер ыңгайлуу болот. Эгер гүл жакшы жер болуп, суу жок болсо ташып беребиз. Көбүнчө Лейлектин Кара-Мойнок жайлоосуна алып барам. Арыларды жылына дарылайбыз, битке каршы дары берилет.

Балды облус аймагына сатыкка чыгарам. Көпчүлүгү үйдөн эле алып кетишет. Жазында гүл жакшы болсо 1 ящиктен 10 литрге чейин бал чейин алса болот. Жылына орточо 1 тоннадай алам. Базарда баасы 800-850 сомдон. Көбүнчө биздеги тургундар Россияга алып кетишет. 1 жылдык жыйналган бал кийинки жылга калбайт.

Бизде балчылык мурдагыдан бир кыйла колго алынып калды. Экспортко чыгарсак да болот. Ал үчүн бийлик тараптан жолго коюлуп берилсе жакшы болмок.

Пример HTML-страницы

Балчылыктан сырткары эл катары мал чарбачылыкменен алектенем. Чек арадагы айылда турабыз. Кирешебиз көпчүлүктө ушул дыйканчылык, мал чарбасы», — деди ал.

Облустук админисрациядан учурда облуста балчылардын ассоциациясы жоктугунан экспортко жол ачылбай жатканын билдиришти. Учурда Кадамжай районунда гана 50 балчынын башын бириктирген ассоцация бар. Алардын өндүргөн балы экспорттун көлөмүнө жетишсиз. Мындан улам Баткен, Лейлек районундагы балчыларды дагы биригип, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө үндөп келишет. Эгерде өндүрүш экспорттун көлөмүнө, кардарлардын талабына ылайык болуп камсыздай алса, экспортко жакшы жол ачылмак.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️