Чек арада жашаган Ырысбай Улуков 20 жылдан бери малина өстүрүп келет

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун чек арада жайгашкан Ак-Татыр айылынын тургуну Ырысбай Улуков 20 жылдан ашуун убактан бери малина өстүрүп келет. Аймактык кабарчы дыйкандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жылына 500 килограммдан 700 килограммга чейин түшүм алат. Бир теримде 100 килограммга чейин малина жыйналат.

«1998-жылдан бери малина өстүрөбүз. Азыр бышык сезон, жазгы терим.

Биринчи терим башталган. Жазгы терим 5-6 жолу түшүм жыйналат. Ар биринен 100 килограммга чейин алабыз. Күзгү терим да ушундай эле. Бирок түшүм аз болуп, баа көтөрүлөт. Кошуналар, туугандар баары өзүбүздөн алышат. Кардарлар кошуна айылдар, Орто-Боз, Үч-Дөбө, Ак-Сай, Самаркандек жана башка айылдардан келет. Баткен шаарынан да кардарлар бар. Биздеги малина таза дары салынбаган, экологиялык жактан таза түшүм. Аны даамынан да билишет. Азыр 1 килограммы 200 сом. Жылда эле ушундай150- 250 сомго чейин да сатылат.

Малина сууну талап кылат. Айрыкча бышкан учурда. 10 сотых аянттан бир сезондо 500-700 килограммга чейин түшүм алам. Малинадан сырткары гилас, өрүк башка мөмө бактарын да өстүрөм», -деди ал.

Дыйкан жубайы Уулжан Имамназарова менен бирге дыйканчылык менен алектенип, балдарын окутуп, үй-жайлуу кылышкан.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️