Turmush — 2022-жылы 16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон жоокер Мирлан Ниязовдун жубайы Сатина Лайлиевага жеке ишкер убада кылган батир берилген жок. Бул тууралуу ал Turmush басылмасына билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кичинекей үч баласы менен Бишкек шаарындагы «Сезим» кризистик борборунда баш калкалап жатат. Буга чейин шарты жок жер тамдарда, эскилиги жеткен жатакана жашап келген.
«Жеке ишкер тарабынан бизге убада кылынган үй белгисиз себепберден улам берилбей калды. Алар жайгаштырган батирден да чыгарышты. Бир канча шарты жок, тамчы өткөн, сыз үйлөрдө, эски жатаканаларда жашадык. Үч балам менен ар кайсы жактарга көчтүм. Азыр «Сезим» кризистик борборунда жашап жатабыз. Кыш жакын, катуу суук келе жатат, үч балам менен бара турган жерим жок. Батирлерге төлөп жашаганга бизде акчабыз жок. Иштейин десем 1,5 жашар балам бар, улуулары да кичинекей», — деди ал.
Сатина Лайлиева өлкө жетекчилигине кайрылып, жардам сурады.
«Мирлан каза болгондон кийин барар жерибиз, жашай турган турак жайыбыз жок. Жолдошум каза болгондо кош бойлуу элем. Ал кызым төрөлүп, 1,5 жашка чыкты. Кичинекей наристемди көтөрүп, кийинкей эки баламды жетелеп, көчүп-конуп жашап жүрөбүз. Эгерде балдарымдын атасы тирүү болгондо бул күндөрдү көрбөйт элек. Ал үй-бүлөсүн дайыма коргоп, колдочу. Эч кимдин жардамына муктаж болбойт элек. Мекен үчүн жанын берген жоокердин урматы үчүн анын артында калган үй-бүлөсүнө, кичинекей балдарына жардам бериңиздер», — деди Сатина Лайлиева.
————————————————
2023-жылы Сатина Лайлиева Turmush басылмасына Бишкек шаарындагы төрт бөлмөлүү батирде жашап жатканын билдирген.
Анын айтымында, өзүн толук тааныштырбаган ишкер байланышып, Бишкектен тосуп алган. Ошондой эле жакында курулуш компаниялардын биринен батир берүүнү убадалашкан.
«Учурда балдарым менен Бишкектемин. Бир кайрымдуу адам табылып, төрт бөлмөлүү батирге жайгаштырып, бизге камкордук кылды. Өздөрү байланышып, кабарлашты. Мен ал адамдарды жакшы тааныбайм. Бул жерде убактылуу жашап жатабыз. Бериле турган үй курулууда. Баарын ишкерлер жасап жатат. Жакынкы күндөрү көз жарам. Дарыгерлер ушул айда көз жара турганымды айтышкан. Бишкекке 23-мартта келгем, апам да жакында эле келди. Көз жаргандан кийин балдарыма каралашат. Балдарыма 16 миң сом жөлөк пул алам. Бизди батирге жайгаштырган адам азык-түлүк, тамак-аштан жардам берип жатат. Ал адамдарга ыраазычылык билдирем», — деген Лайлиева.
—————————————————-
Буга чейин маркум Мирлан Ниязовдун үй-бүлөсү Баткендеги №2022 аскер бөлүгүндө күн кечирип жаткан.
Маалым болгондой, маркумдун үй-бүлөсүнө берилген батир Мирлан Ниязовдун ата-энеси тарабынан алынып, келинчеги жана 2 баласына берилген эмес.
«Мен Мирлан Ниязовдун жубайы болом. Жолдошум №2022 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Ошол жерде кызмат өтөп жүргөн учурда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болду. Кудай буйруп эсен-аман көз жарып алсам 3 балалуу болом.
Азыркы учурда №2022 аскер бөлүгүндө жашап жатам. Башка бара турган жерим жок. Ал жерде форма кийгендерди көрүп, моралдык жактан кыйналып жатам. Бир эле мен эмес, балдарым да форма кийгендерден «атам кайда?» деп күндө сурайт. Балам сагынып, күндөн-күнгө ооруп жатат. Мен ал жерде түбөлүк жашай албайм. Курман болгондордун үй-бүлөсүнө баарына үйлөр берилди, жайгаштырылды. Биз тизмеге кирбей калганбызбы, бизге үй берилбеди», — деген ал.
Чек арачынын жубайы президент Садыр Жапаровго жана УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, турак жай менен камсыздап берүүсүн суранган.
Мирлан Ниязовдун апасынын айтымында, маркум баласы биринчи жубайы менен ажырашып кеткенден кийин Сатина Лайлиева менен экинчи никеде жашап жаткан. Ал баласын жалгыз чоңойткон. Аны менен кошо Мирлан Ниязовдун балдарынын бири жашап жатат. Ал азыр 8-класста окуп жатат. Батирди болсо келечекте Мирлан Ниязовдун ошол баласын каттатып берет.
2 бөлмөлүү батир Ош шаарынан берилген. Батирдин ага берилишин мыйзамдуу деп эсептейт.
—————————————————-
Баткенде каза болгон Ниязов Мирлан Акылбекович 19-сентябрда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылында жерге берилген.
Мирлан Ниязов 1987-жылы 28-июлда Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Кыргызстан айылында туулган. Ал өзү жашаган айылдагы №31 Орунбай Курбанбаев атындагы орто мектепте окуп, 2005-жылы 9-классты аяктаган. 2005-2007-жылдары аскерде кызмат өтөгөн. 2007-жылдан 2012-жылга чейин Чек ара кызматынын Оштогу бөлүгүндө иштеген. 2012-жылдан 2019-жылга чейин турмуш шартына байланыштуу Россияда иштеген. 2020-жылдан тартып Чек ара кызматынын Оштогу бөлүгүндө иштеп баштаган. 2021-жылы Чек ара кызматынын Баткендеги бөлүгүнө которулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.