Пример HTML-страницы

Чек ара айылдарында аба арайы кескин түрдө өзгөрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Каркыра жайлоосундагы айыл жана кыштактарда аба ырайы кескин өзгөрдү.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, кечээ, 20-сентябрь күнү тоолорго кар жаап, абанын табы түнкүсүн – 3 градустан төмөндөдү.

«Негизи чек арага чектеш жайлоодогу айылдарга кыш эрте түшөт. 2-3 күндөн бери аба ырайы төмөндөп, тоо бетине кар түштү. Азырынча айылга кар жааган жок, бирок үйлөргө от жагыла баштады», – дешет айыл тургундар.

Ал эми 2023-2024-жылдагы кышка даярдык тууралуу Каркыра айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Черикбаев төмөнкүлөргө токтолду.

«Кышкы от жагуу мезгилге карата быйыл айыл аймактагы бардык социалдык мекеме, ишканаларды жылуулук менен камсыздоо аракети 100 пайызга даярдык көрүлдү. Ал эми жергиликтүү тургундар үчүн азырынча таш көмүр ташылып келе элек. Ал эми 70 чакырым аралыкты түзгөн чек арага чектеш айылда жашаган тургундар үчүн мобилдик көмүр ташуу кызматын уюштуруу жагына маакулдашуу жүргүзүлөт», – деди айыл өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Нажимая на кнопку "Отправить комментарий", я даю согласие на обработку персональных данных и принимаю политику конфиденциальности

https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX