Turmush — Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон дагы 3 жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 19-октябрда изделип жаткан 3 адамдын сөөгү куткаруучулар тарабынан саат 10:30да табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы алыскы Ак-Сайында кар көчкүдөн улам дайынсыз болгон 6 жаранды издөө иштери аткарылган.
Алардын ичинен 3 адамдын сөөгү кечээ, 18-октябрда табылып, тик учак менен Кум-Бел тилкесиндеги штабга жеткирилген. Ал эми бүгүн табылган 3 адамдын сөөгүн куткаруучулар милиция кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүштү.
Буга чейин Turmush басылмасы Чаткал районунда 14 адам алыскы тоолорго сейрек кездешүүчү, Кызыл китепке кирген эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча дайынсыз жоголуп, алардын ичинен 8 адам аман-эсен табылып, 6 адам дайынсыз болуп жатканын жазган.
Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштеринин натыйжасында 16-октябрь күнү дайынсыз болгон 2 адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, 6 адам Кум-Бел ашуусунан ашкан жерден аман-эсен табылган.
Изделип жаткан жарандардын экөө 2024-жылдын 16-октябрында саат 14:00дө Коргон-Сай айылына жакын жерден аман-эсен табылган. Алар: Айгыр-Жал айылынын тургундары — 1989-жылы туулган Н.А. жана 1989-жылы туулган С.Р.
Саат 18:55де Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан 6 адам аман-эсен табылган.
Алар:
1. Кайын-Суу айылынын 1986-жылы туулган тургуну Н.Б.;
2. Коргон-Сай айылынын 1995-жылы туулган тургуну Н.Ж.;
3. Башкы-Терек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.Ч.;
4. Кайын-Суу айылынын 2004-жылы туулган тургуну Ж.уулу Б.;
5. Коргон-Сай айылынын 1998-жылы туулган тургуну М.уулу Э.;
6. Жаңы-Базар айылынын тургуну Ж.уулу М.
Табылган адамдар 14-октябрында болжол менен саат 18:00дө Ак-Сай тоосуна жакын коктулардын биринде кар көчкү жүрүп, 6 адамды жана 16 баш жылкыны кар көчкү басып калганын айтышкан.
Дайынсыз жоголгон жарандар:
1. Коргон-Сай айылынын 1998-жылы туулган тургуну Т.уулу У.;
2. Кайын-Суу айылынын 1984-жылы туулган тургуну О.М.;
3. Башкы-Терек айылынын 1978-жылы туулган тургуну К.К.;
4. Башкы-Терек айылынын 1986-жылы туулган тургуну К.К.;
5. Жаңы-Базар айылынын 1995-жылы туулган тургуну С.М.;
6. Б.уулу У.
18-октябрда Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө иштерин улантуу максатында тик учак жөнөтүлгөн.
—————————————————————
Эндик — көп жылдык катуу түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу. Тамырлаш жалбырактары да, сабагы да кеп. Гүлү тыгыз жайгашып, тогологураак топ гүлдү түзөт. Мөмөсү — жаңгакча. Орто Азияда жана Кавказда 4 түрү, анын үчөө Кыргызстанда өсөт.
Буга чейин Министрлер кабинети 2024-жылдын 28-майында №270 «Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу (мораторий) киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алган. Ага ылайык макротомия (Macrotomia DC), арнебия/эндик (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L), афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) өсүмдүктөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш, өсүмдүк сырьесун даярдоого жана жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салынган.
Чогултууга убактылуу тыюу салынган өсүмдүктүн 5 түрү өскөн аймактар:
— Аконит Тянь-Шанда, Памирде, Алтайда жана Приморье крайында өсөт;
— Макротомия Жалал-Абад жана Нарын облустарында өсөт;
— Арнебия (эндик) чөлдө жана аскалуу-шагылдуу жондордо өсөт;
— Ясенец талааларда, бадалдардын арасында, жарык токойлордо өсөт;
— Афлатун пиязы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өсөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.