Turmush — Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон үчүнчү жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, дайынсыз жоголгон 6 жарандын ичинен 3 жарандын сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди.
Калган 3 жаранды издөө иштери эртең уланат. Издөө иштери аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулду.
Буга чейин саат 12:45ке карата көчкү түшкөн аймактан 1978-жылы туулган К.К. аттуу жарандын (жансыз денеси табылган 3 жарандын бири) сөөгү табылганы маалымдалган.
——————————————————————————
Буга чейин Turmush Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 14 адам алыскы тоолорго сейрек кездешүүчү, Кызыл китепке кирген эндик өсүмдүгүнүн тамырын казып алууга кеткен боюнча дайынсыз жоголуп, алардын ичинен 8 адам аман-эсен табылып, 6 адам дайынсыз болуп жатканы белгилүү болгонун жазган.
Чаткал райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштеринин натыйжасында 16-октябрь күнү дайынсыз болгон 2 адам Коргон-Сай айылына жакын жерден, 6 адам Кум-Бел ашуусунан ашкан жерден аман-эсен табылган.
Изделип жаткан жарандардын экөө 16-октябрда саат 14:00дө Коргон-Сай айылына жакын жерден аман-эсен табылды. Алар: Айгыр-Жал айылынын тургундары — 1989-жылы туулган Н.А. жана 1989-жылы туулган С.Р.
Саат 18:55де Кум-Бел ашуусунан ашкан тараптан 6 адам аман-эсен табылган.
Алар:
1. Кайын-Суу айылынын 1986-жылы туулган тургуну Н.Б.;
2. Коргон-Сай айылынын 1995-жылы туулган тургуну Н.Ж.;
3. Башкы-Терек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.Ч.;
4. Кайын-Суу айылынын 2004-жылы туулган тургуну Ж.уулу Б.;
5. Коргон-Сай айылынын 1998-жылы туулган тургуну М.уулу Э.;
6. Жаңы-Базар айылынын тургуну Ж.уулу М.
Табылган адамдар 14-октябрында болжол менен саат 18:00дө Ак-Сай тоосуна жакын коктулардын биринде кар көчкү жүрүп, 6 адамды жана 16 баш жылкыны кар көчкү басып калганын айтышкан.
Дайынсыз жоголгон жарандар:
1. Коргон-Сай айылынын 1998-жылы туулган тургуну Т.уулу У.;
2. Кайын-Суу айылынын 1984-жылы туулган тургуну О.М.;
3. Башкы-Терек айылынын 1978-жылы туулган тургуну К.К.;
4. Башкы-Терек айылынын 1986-жылы туулган тургуну К.К.;
5. Жаңы-Базар айылынын 1995-жылы туулган тургуну С.М.;
6. Б.уулу У.
Бүгүн, 18-октябрда Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөө иштерин улантуу максатында тик учак жөнөтүлгөн.
—————————————————————
Эндик — көп жылдык катуу түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу. Тамырлаш жалбырактары да, сабагы да кеп. Гүлү тыгыз жайгашып, тогологураак топ гүлдү түзөт. Мөмөсү — жаңгакча. Орто Азияда жана Кавказда 4 түрү, анын үчөө Кыргызстанда өсөт.
Буга чейин Министрлер кабинети 2024-жылдын 28-майында №270 «Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу (мораторий) киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алган. Ага ылайык макротомия (Macrotomia DC), арнебия/эндик (Arnebia Forssk), ясенец (Dictamnus L), аконит (Aconitum L), афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch) өсүмдүктөрүнөн дары-дармек, техникалык, тамак-аш, өсүмдүк сырьесун даярдоого жана жыйноого үч жылга убактылуу тыюу салынган.
Чогултууга убактылуу тыюу салынган өсүмдүктүн 5 түрү өскөн аймактар:
— Аконит Тянь-Шанда, Памирде, Алтайда жана Приморье крайында өсөт;
— Макротомия Жалал-Абад жана Нарын облустарында өсөт;
— Арнебия (эндик) чөлдө жана аскалуу-шагылдуу жондордо өсөт;
— Ясенец талааларда, бадалдардын арасында, жарык токойлордо өсөт;
— Афлатун пиязы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өсөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.