Чаткалдын Ак-Таш айылында айыл чарба жармаңкеси өтүп, азык-түлүктөр базар баасынан арзан сатылды

Чаткалдын Ак-Таш айылында айыл чарба жармаңкеси өтүп, азык-түлүктөр базар баасынан арзан сатылды Акыркы жанылыктар

TurmushЧаткал районунун эң алыскы шарты катаал болгон Ак-Таш айылында көчмө айыл чарба жармаңкеси өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, көчмө жармаңкеге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Облус башчысы айыл аралаган көчмө азык-түлүк жармаңкесинин артыкчылыктарын белгилеп, бул аракетти башка аймактарда да уюштуруу зарылдыгын кошумчалады.

Анда эттин 1 килограммы 490 сомдон, калган негизги азык-түлүктөр базар баасынан 15-20 сомго чейин арзан сатылды.

Район-шаарларда жума сайын азык-түлүк жармаңкеси уюштурулууда. Анын негизги максаты — жарандарга ыңгайлуулук жаратуу менен баанын туруктуу сакталышын көзөмөлдөө.

Ал эми Ак-Таш айылы облус борборунан 329, район борборунан 44 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кыш мезгили 6 айга чейин созулат. Анда 278 кожолук,1451 калк жашайт.

Дал ушул айыл тарапта кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн тоо лыжасын түзүү боюнча аракеттер көрүлүп, инвесторлор менен сүйлөшүулөр жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️