Чаткалда тоо-лыжа базасын куруу боюнча 2 компания кызыгып, жеринде көрүп кетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Чаткал районунда тоо-лыжа базасын куруу боюнча 2 компания кызыгып, жеринде көрүп кетишти. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 26-августунда Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Алтынбек Сеңирбаев швейцариялык «Rowena» компаниясынын жетекчиси Ахмет Ербил, Тугай жана «Rowena» компаниясынын жетекчиси Даниель Осоев менен биргеликте «Сhatkal Resort»» тоо-лыжа базасы курулуучу жер аянтын көрүп, андан соң тегерек стол иретинде чогулуш уюштурулду.

Чогулушта аталган компания тууралуу кененирээк маалымат алынып, асма жолдорду куруу жана туризмди өнүктүрүү тууралуу сөз жүрдү. Жыйынтыгында эки тарап тең кызыктарлыгын белгилеп, жакын арада тоо-лыжа базасын куруу боюнча этаптуу мастер план түзүү менен иш алып баруу чечимине келишти. Бул иш туризм фонду, район акимчилиги жана компания биргеликте иш алып барат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️