Чалдыбар айылындагы мектептин тушуна жол чырак коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районундагы автоунаа жолуна жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо максатында жол чырак коюлду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол чырак В.Я.Захарченко атындагы №1 Чалдыбар жалпы орто билим берүү мектебинин тушундагы Чалдыбар—Бишкек автоунаа жолуна коюлган.

«Жол боюндагы мектепте 1000ге жакын балдар билим алат. Бул жолдон жеңил жана оор жүк ташуучу унаалар тынымсыз өтүп турат. Балдарыбыздын мектепке баруусу кооптуу болуп келген. Бул маселе элдик жыйында да көтөрүлгөн. Эми жол чырак коюлуп, жакшы шарт түзүлдү», — дешти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️