Чалдоварда жоголгон 16 жаштагы кыз Бишкектен табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushПанфилов районунун милиция кызматкерлери тарабынан изделип жаткан кыз табылганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, 10-июль күнү саат 23:00 чамасында Чалдовар айылынын Байсейит Баатыр көчөсүндөгү үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон 2008-жылы туулган Халида Хаятованы табууга жардам сурап, туугандары Панфилов РИИБге кайрылышкан

Дайынсыз жоголгон адамдын жүргөн жерин аныктоо үчүн тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Кечээ, 18-июлда Панфилов РИИБнин кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныкташкан.

Кыз Бишкек шаарында эски автобекеттин жанында болгон. Ал ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️