Чаектеги мурдагы таштанды таштоочу жайды көчүрүү иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖумгал районунун Чаек айылындагы Май-Кокту таштанды таштоочу жайын көчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Чаек айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иштердин алкагында ал жердин тосмолору жаңы полигонго которулууда. Көчүрүү жумуштарына социалдык жактан аз камсыз болгон 5 жаран ишке тартылган. Аларга Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде ар бирине 150 доллардан эмгек акысы төлөнүп берилет.

Таштанды жайы көчүрүлгөн соң аянт рекультивацияланып, таштанды калдыктары көмүлүп жок кылынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️