Пример HTML-страницы

Чачынын узундугу менен суктандырган сулуунун айылдагы жашоосу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ак-Булуң айылынын тургуну Рима Казакбаева. Ал өмүрлүк жолдошу менен чогуу түтүн булатып келе жатканына 21 жыл болгонун аймактык кабарчыга билдирди.

«Мен 1983-жылы Ак-Суу районуна караштуу Боз-Учук айылында жарык дүйнөгө келгем. 2 жашыман тарта Ысык-Көл районунун Темир айылында чоң ата жана чоң энемдин колунда тарбияландым. Үй-бүлөдө 4 уул жана 3 кызбыз. 2000-жылы мектепти аяктап, 2001-жылы Түптүн Ак-Булуң айылындагы айыл чарба техникумунун бухгалтерия бөлүмүнө тапшырдым. Студенттик доор кызыктуу болду, анткени жашоомо сүйүү келди. Адамзаттын жашоосунда өзгөчө орунду ээлеген өмүрлүк жолдошту жолуктурдум. Ушул сөз менен айтып бүткүс сезимдердин аркасында 3 уулдуу болдук. Учурда 4 эркектин сүйүктүү айымымын», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болгондогу эсте калган көз ирмемдери менен бөлүштү.

«Апам кичинекей кезимен бери эле чачыма өзгөчө кам көрүп өстүрүп, «чачыңды кыркпа» деген сөзүн кайра-карай кайталап калчу. Анан айылдаштарым: «сени Бактияр (жолдошу) чачыңа карап эле сүйүп калды» деп тамашалат эле.

Үй-бүлөдө жолдошум улуусу болгондуктан эки кайын сиңдим жана кичинекей кайним бар болчу. Алар менен жайкысын күндүз көлгө түшүп, кечке жуук мал тейлеп, уй саап коюп көчөгө ойногону чыкчубуз. Кубалашмак ойнодук, анан көчөдөн ар кимдин терезесин таш менен чертип тыкылдатчу элек. Анда болгону 18 жашта элем. Эң кызыгы айылдаштар мени азыркыга чейин «чачы узун» келин деп таанышат», — деди ал.

Р.Казакбаева бир кезде чачын кыркып, айылдагыларга уят болгонун эскерет.

«Негизинен чачыма химия каражаттарын эч жолоткон жокмун. Кичинекей кезимде кир самын менен жууйт элем. Азыркыга чейин айран менен жууп, чалкандын тундурмасы менен чайкап, маскаларды коем. Мындан 8 жыл мурун бөйрөктө таш пайда болуп, операция жасашты. Анан ооруканадан дарыгерлер чачымды кесип салууну сунуштады. Дароо эле макул болуп, жакынкы чач тарачка бардым. Ал жактагылар чачыма кызыгып, кыскартып кесип берип эле колума 6 миң сом карматышты. Анан айылга барганда, баягы кыска чачым жоолук салынганыма карабай билинип калды. Анда апалардан «Чачыңды эмнеге кестиң?» деген тил уктум. Ошондон баштап кайрадан кайраттанып, чачымды өстүрүп келе жатам. Азыркы тапта узундугу бир метрден ашты. Чач түшпөс үчүн жумуртканын агын жана пияздын суусун сүйкөп кам көрөм. Жараткандан берилген сулуулукту баалай билип, сактай билүү керек деп ойлом. Жалпы эле аял заты өзүн сүйүп, баалаш керек. Айрыкча айыл жергесинде жашайм деп өзүн карабай коюу туура эмес», — деди ал.

Анын айтымында, социалдык тармактагы баракчасына айылдагы жашоонун кооздугу менен бөлүшүп келет.

«21-кылым технологиянын өнүккөн заманы болгондуктан көпчүлүгүнүн колунан телефон түшпөй калды. Мен да социалдык тармактан өз баракчамдагы катталуучуларга ар кандай мотивация берип, активдүү болууга аракет кылам. Негизги максатым айылдын турмушу керемет, береке, ырыскы ар бир жасаган жумушубуз өзүнчө майрам.

Биз үй-бүлөбүз менен чакан фермерчиликти түптөп, эт багытында бодо мал багып, жер иштетебиз. Аны менен катар 50дөй үндүк, 20дай каз, 50дөй тоок багабыз. Кышкысын 7-8 уй саап сүтүн өткөрөмүн. Мындан сырткары айылды жайкысын жарма, кышкысын бозо менен камсыз кылам. Бул да менин өзүмдүн жеке бизнесим десем жаңылышпайм. Чет өлкөдө мигрант болбой, үй-бүлө, балдардын жанында айылдан эмгектенип акча тапса болот. Андыктан жаштарга айылдагы артыкчылыктарды айтып, кереметин сезип жашоого демилге берип, социалдык түйүндөр аркылуу жеткиргим келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE