Пример HTML-страницы

Чабандес Байэл Айылчиев күлүгү кулап калса маарага жөө чуркап 3-орунду алган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас шаарынын 13 жаштагы тургуну Байэл Айылчиев күлүктөрдү чапкан чабандес. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ат чаба баштагынан 5 жыл болду.

«9 жашымдан баштап оюндарга чыга баштадым. 2021-2022-2023-жылдары «Мыкты чабанде» наамдарын алгам.

Ат чабууга кызыгуума атамдар, акемдер түрткү болушкан. Алар жылкы баккандыктан, жанында жүрүп, кызыгып, анан атка отурдум. Эң биринчи өзүбүздүн атты чабып, биринчи болуп келгем. Ошондон улам кызыгуу пайда болгон. Андан кийин башка күлүктөрдү чаап бер деп сунуштар түшө баштаган. Четтен келген 3 млн сомдон жогору турган күлүктөрдү чаптым. Эң мыкты, өзүмө жаккан, казак, кыргызга таанымал Каракыз деген күлүк болду.

Ат чапканда шыр эле отуруп чаап кетпейсиң. Биринчиден ат чапкан адамдын салмагы 40 кг жогору болбошу керек. Атка жеңил болушуң керек. Бир мелдешке чыгыш үчүн ал ат менен 3-4 ай даярданып, көндүрөбүз. Анан аттын үстүнө отурганда өзүңдү эркин сезип, коркпошуң керек», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жеңиштеринде чоң атасынын, үй-бүлөсүнүн колдоосу чоң экенин белгиледи. Анткени ат чабууда ар кандай кырдаалдар болот.

«Бир жолу жер тайгалак болуп, атым четке чыгып кетти. Болбосо алдыда келе жаткам. Кайра бурулуп чапсам, атыма залакасы тиймек. Бир жерин сындырып алам деп калып калгам. Негизи ат үстүндө ар кандай кырдаалдар болот. Мисалы бир ат чабышта атым кулап калып, маарага жүгөнүн көтөрүп чуркап келгем. Бул ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт. Эгер ат чабышта атың кулап калса же өлүп калса жүгөнүн алып келиш керек. Ошондо жүгөнү менен чуркап 3-орунду алдым.

Жалпы 5 жыл аралыгында 8 унаа уттук. Ал унааларды кайра эле сатып, корооодогу малга жумшайбыз. Мен үчүн эң кымбаты Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган мааракеде биринчи келип, президент Садыр Жапаровдон төш белги алдым», — деди ал.

Жаш чабандекс үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

  • 2023-жылы31-августта Ош шаарындагы «Төлөйкөн» ат майданында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына арналган ат оюндары өткөн. Анда аргымак жарышка өлкөнүн 7 аймагынан келген 11 аргымак 18000 метрге жарышкан. 3-орунда келе жаткан «Рыскан» аргымагы жолдон жыгылып калып, чабандеси Байэл Айылчиев жыгылып, ал аргымагынын жүгөнүн көтөрүп, маарага жөө жетип келген. Ал 35 миң сом акчалай сыйлыкка, медалга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE