Пример HTML-страницы

Ч.Оморова карантинден кийин COVID-19 менен ооруп жатканда 4 өлкөнүн аэропортторунан кантип өткөнүн айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандык Чынара Оморова 1,5 жылдан бери Италиянын Сардиния аралында эмгектенип жатат. Мекендешибиз 1969-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарыкка келген. Учурда 4 баланын энеси.

«Эркек бала төрөсөӊ, аракты таштайм»

— Атам дарыгер, апам мугалим болчу. Чыгаан журналисттер Кубат Оторбаев менен Чолпон Орозбекова биздин мектепте окуган. Өзүм турмушка кеч чыгып, кеч балалуу болдум. Азыр 4 балам бар, анын үчөөсү кыз. Турмушта биз ойлобогон окуялар болот экен… Күйөөм экөөбүз эки жолго түштүк. Кыздарым менен батирден батирге көчүп, азаптуу күндөр башталды…

Токмок шаарында батирде жашайбыз. Ошол шаарда май куюучу жайда суткалап иштеп калдым. Бир күнү жумуш аяктап, үйгө келсем, короодо кошуналар, батирдин кожоюну турат. Анан ал мени карап: «Балдарың тирүү кезинде батирди бошот» деди. «Эмне болуп кетти?» деп таӊ калдым. Көрсө кыздарым үйдө ойноп жатып, плитанын үстүнө чүпүрөк таштап салышыптыр. Анан биздин батирден өрт чыгып, кошуналар убагында өчүрүп калышкан экен. Ызаланып ыйладым. Кудайдан үй сурадым.

Ошол окуядан бир жыл өткөндөн кийин бир туугандарымдын жардамы менен ипотекага 1 бөлмөлүү батир сатып алдым. Акыры акчасын дагы төлөп бүттүк. «Бирок, кыздарым чоӊоюп калды. Эртеӊ эле турмушка узатам. Куда тосом, небере-чөбөрө көбөйөт» деп, 3 бөлмөлүү батир алганга умтула баштадым. Ошентип ал 1 бөлмөлүү батирди сатып, кайрадан насыяга 3 бөлмөлүү батир алдым. Аны 5 жылда төлөп беришим керек болчу. Бирок, мен: «Италияга барып, 1-2 жылда кутулуп, карызды жаап салайын» дедим. Сыртта маанай башка болчу. Дүйнө эли карантинден кийин жаӊы барактарын ачып жатышкан…

«Жол азабы, көр азабы»

— Ошентип бирөөдөн 2 миӊ доллар карыз акча алып, Италияга сапар алмай болдум. Күндүзгү саат 12:00дө ПЧР-анализди тапшырып, түнкү саат 24:00дө аэропортко бардым. Ал жактан баягы тапшырган ПЧР-анализ «оң» деп чыгып калды. Ошондо, Кудайга ушундай бир жалдырадым. Артка кеткенге чарам жок болчу. Карызга алган 2 миӊ доллардын көбү билетке кеткен. Анан кассадагы кызга анализдин жыйынтыгын көрсөтпөй, «унутуп калыптырмын» деп өтүп кеттим. Стамбулдан дагы ошол эле шылтоону айттым. Айрым жерлерде ПЧР-анализ боюнча кыйла эле жеӊилдеп калыптыр. Бирок, Германияга келгенде 4 саат эзишти. Андан кийин Испанияга өттүм. Ал жерден менден анализ алып, анын жыйынтыгы дагы «оң» деп берди. Ошол жерден эле мени ооруканага сүйрөп жөнөшмөк. Бирок, мен аларга акча сунуштап, Италияда мени жакындарым күтүп жатканын, мен ошол жерден дарылана турганымды айтып, араӊ кеттим. «Жол азабы, көр азабы» деген ушул тура. Бир жагынан ооруп, кара тер кетип, алым жок келе жаттым. Италиядагы таанышымдын үйүнө келерим менен жыгылдым. Баш көтөрө албай ооруп калдым. Алаканымды жайып: «Оо, Кудай мага шыпаа бере көр, карыздарымдан кутулайын, мага жардам бер» дедим. Ошентип 10 күндөн кийин бир аз жакшы болуп, жумушка чыктым. Тааныштар: «Бир кемпир төшөктө жатат. Ошону 1 айча карап тур. Ийне дагы сайганды билесиӊ» дешкен. Мен бул сунушка дароо макул болдум. Кемпирди мына өлөт деп жатышкан. Кудайыма кайра жалынып, анын өмүрүн тиледим. Себеби, документтерим дагы бүтө элек болчу. Кудайыма үнүм жетти. Ошентип 7 ай иштедим. Документ аларым менен баягы кемпир каза болуп калды.

Бир жолу капельница коюп жатсам, тиги кемпир: «Ты тупая» деп айтты. Мага италян тили орус тилине окшош деп айтышкан. Жолдо баратканда тил үйрөнүп, күнүмдүк сөздөрдү жаттап баргам. Бирок ооруп, башыма кирген эмес. Анан мен: «Нет, я не тупая» дедим. Ал жообума баары таӊ калышты. Балдары дайыма жанымда карап турушчу. Көрсө, «сиз муну билесизби?» деп, ийне сайганымды айтышкан экен. Алар кийин бул сөздүн маанисин түшүнүп алып, аябай каткырышкан. Алар мени «ичиӊде кири жок, жакшы аял экенсиң, сиз эле караӊыз» деп алып калышкан. Кемпир дагы колу жеӊил экен деп айтса керек. Кыздары: «Эӊ негизги апабызга жактыӊ» дешкен.

Кудайым мени дайыма колдойт

Бөтөн эл, бөтөн жерде жакшы иштеп, татыктуу жашап келе жатам. 5 маал намаз окусам экен деп тиленем. Мен сыяктуу жалгыз бой энелер келгенде кеңеш, жардам берип жүрөм.

Азыркы баккан кемпирим — диетолог-дарыгер. Андан туура тамактанууну үйрөнүп жатам. Булар вино ичип, сырды жакшы жешет. Бирок бул кемпир вино ичпейт. Күнүнө 3 литр суу ичет. Эртеӊ менен сүт ичип, нан менен жесе, түштө жеӊил тамак ичет. Кечинде такыр тамак ичпейт.

Негизинен Италия элинин жөнөкөйлүүлүгү жакты. Эки жерде иштедим. Эки үй-бүлө жакшы болду. Негизи кээ бирлер акыл-эстен тайып калган, урушчаак энелерди багышат экен. Сардиния аралында көпчүлүк кыргыздар кары-картаӊдарды багып иштешет. Көпчүлүгү жашырышат. Кудай буюрса жакында өлкөмө кетем.

Учурда эки кызым турмушта. Улуу кызымды турмушка узатып, андан кийин Италияга келгем. Экинчи кызым мен бул жакта жүргөндө орус улутундагы жигитке турмушка чыкты. Ал бала ислам динин кабыл алып, экөө никесин мечиттен кыйдырышты. Андан кийин эки неберелүү болдум. Ошентип кубанычтуу эки кабар алдым. Бул кыздарымдан кийин 18 жаштагы бир кызым жана 16 жаштагы уулум бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE