Чүйлүк фермер Калыс Аскаров дрифт боюнча Өзбекстанда өткөн чемпионатта 2-орунду камсыздады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Чүй районуна караштуу Алчалуу айылынын 35 жаштагы тургуну Калыс Аскаров автоспорт боюнча Өзбекстанда өткөн чемпионатта 2-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өзү билдирди.

Ал автоспортттун дрифт түрү менен машыгат.

«Дрифт менен 2014-жылдан бери машыгам. 2016-жылы Кыргызстандын чемпиону болгом. Ошол жылдары 2-3-орундарды камсыздап жүрдүм. Ортодо 8 жыл алектенбей калдым. Эми быйыл, 2-3 айдан бери машыга баштадым. Жакында эле Казакстандын Алмата шаарында өткөн чемпионатка катышып, андан соң Кыргызстандагы чемпионатка катыштым. Андан кийин 14-16-июнь күндөрү Өзбекстанда өткөн чемпионатка катышып, 2-орунга ээ болуп келдим. Кошумчалай кетсек, Өзбекстанда дрифт боюнча чемпионат эң алгачкы жолу өттү. Өзбекстан автоспорт федерациясы бул спортту өнүктүрүү максатында Кыргызстан менен Казакстандын спортчуларын да чакырган экен. Биз жети спортчу барсак, Казакстандан үч киши барды. 1-орунду биздин Кыргызстандан барган Сергей Юрьев деген жигит алды. Жеңүүчүлөргө кубок, дипломдор берилди.

Самарканд шаарына кирип келе жатканда Эски шаар деп аталган шаарча салышыптыр. Тегерек-чети кайтарууда, ичи абдан кооз экен. Ошонун ортосунда мелдеш өттү. Ал жакка унаалар киргенге болбойт экен. Бирок Өзбекстандын спорт федерациясы уруксат алып, жогорку деңгээлдеги чемпионат өттү», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Калыс Аскаров 1989-жылы Чүй районундагы Алчалуу айылында туулган.

«Атам кышында унаасын дрифт кылып айдаганды жакшы көрчү. Бир күнү Токмок шаарындагы аэродромго спорттук унаалары менен келген жаштарды көрдүм. Ошондо ушундай спорттун түрү бар экенин билдим. Өзүнүн эрежелери бар экен. Көргөндө эле менин спортум экенин түшүнүп, ошондон катышып калгам.

Атам өтүп кеткен. Апам бар. Чоң энемдин колунда чоңойгом. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, эки баланын атасымын. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Токмок шаардык университетинде билим алгам. Спорттон сырткары Алчалуу айылында фермерлик менен алектенем. 2 гектарга жерге кулпунай айдап, талаа иштетебиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️