Чүйлүк Байхан Жекшенбеков Абу-Дабиде өткөн жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква районуна караштуу Беш-Көрүк айылынын 11 жаштагы тургуну Байхан Жекшенбеков Абу-Дабиде жиу-житсу боюнча өткөн дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын атасы Болотбек Жекшенбеков билдирди.

«6-ноябрда башталган мелдеш 16-ноябрь күнү бүтөт. Дүйнөнүн булуң-бурчунан жаш спортчулар келип, күч сынашууда», — деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 6 бир туугандын төртүнчүсү. Ал спорт менен 2021-жылдан баштап машыга баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️