Чүйдөгү тургунду «өлдү» деп, талаага кык менен көмүп кетишкен. Ал кантип аман калганын айтып берди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районундагы тургунду мыкаачылык менен сабап, өлтүрүүгө аракет жасашкан. Бул окуя боюнча айыпталган жаран 10 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Айыпталуучу Эрмек (аты өзгөртүлдү, Р.Э.Ж.) Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айылында туулган, орто билимдүү, бойдок, убактылуу иштебейт, мурда соттолгон.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2022-жылдын май айында болгон. Эрмек 30-майда саат 22:30 чамасында тергөө учурунда аныкталбаган жарандар менен биргеликте алдын ала макулдашып алып, Туз айылында жабырлануучу Амир (аты өзгөртүлдү, А.А.) менен жолугуп, спирт ичимдигин чогуу ичүүгө көндүргөн. Дүкөндүн жанында чогуу арак ичишкен. Андан соң 31-майда саат 02:00 чамасында аталган айылда жашаган тургундун үйүнө унаа менен барышкан. Ошол учурда Эрмек Амирди муштуму менен бет тарабына эки жолу урган. Амир унаадан сыртка түшкөн учурда Эрмек жана тергөө учурунда аныкталбаган жарандар Амирди өзгөчө мыкаачылык менен сабашкан. Ал жаракатынан улам бирде эсин жоготуп, кайра эсине келип алсырап жаткандыгына карабастан, тизелеп жерде отуруп калгандыгынан пайдаланышып, анын өмүрүн кыюу максатын көздөп, арканга окшогон нерсени мойнуна салып муунтушкан. Анын кесепетинен Амир эсин жоготуп, кыймылсыз абалда болуп калгандыгынан пайдаланышып, сүйрөп барып, ошол эле жерде агып жаткан арыктагы сууга башын салып чүмкүтүшкөн. Жабырлануучунун кыймылсыз абалын көрүп, «өлдү» деп жыйынтык чыгарышкан.

Андан кийин Амирди өзүнүн унаасына салып, Ысык-Ата районунун Туз айылынын күн чыгыш тарабында жайгашкан талаага алып келишкен. Талаа менен кетип бара жатканда бетон лотокко унаанын алдыңкы дөңгөлөктөрү кирип кетип, тыгылып калган. Автоунаа лотоктон чыкпай жана андан ары жүрбөй калгандыгына байланыштуу Амирди токтогон жерден түндүк тарапка 100 метр аралыкка чейин алып келип, денени катып, кылмышты жаап-жашыруу максатында арыкка таштап, ал жерде төгүлүп турган малдын кыгы менен көмүп, окуя болгон жерден изин суутуп кетишкен.

Бирок ошол күнү жаан жаагандыктан Амирдин үстүнө ташталган кык эзилип, бетиндеги кык жуулган. Ал жанындагы уюлдук телефондун шыңгыраган добушун угуп, эсине келип, көмүлүп жаткан жеринен туруп, денесине келтирилген жаракаттан улам көзү ачылбай калгандыктан, телефондун добушун көздөй умтулган. Белгисиз автоунаага учурап, шыңгырап жаткан телефонду алып, келинчеги телефон чалып жатканын, телефон өзүнүкү экендигин, автоунааны сыйпалап, автоунаа дагы өзүнүкү экендигин тааныган. Унаанын коопсуздук жарык берүүчү сигналын күйгүзүп, жыйынтыгында жубайы таап келип, Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына алып келген.

Пример HTML-страницы

Амирдин көрсөтмөсү боюнча, окуя болгон күнү Эрмек аны муштуму менен бет тарап жакка урган. Унаанын эшигин ачып, сыртка чыгайын деп бир бутун жерге кое электе, кара куш тарабына катуу буюм менен белгисиз бирөө уруп жиберген. Ким урганын байкаган эмес. Бирок ал Эрмек эмес болчу, себеби ал унаадан чыга элек болгон. Ал башка сокку жеген соң унаадан бир метрдей эле өтүп жерге жыгылган. Эрмек анын үстүнө минип, муштуму менен урган. Эрмектен тышкары аны дагы бирөө буту менен тепкилеген, бирок ким экенин билбей калган. Ал эсин бирде жоготуп, кайра эсине келген. Аталган жарандар бурчка алып барган маалда ал тизелеп, бир колу менен бетин кармап турган. Ошол маалда бири артынан мойнуна жип салып, өзүнө карай тартып муунткан. Каршылык көрсөтүп, оң колу менен жипти кайра өзүнө тартып муунттурбаганга аракет жасаган. Кандай жагдайда жиптен бошонгонун билбейт, балким жип үзүлүп кеткен. Эки тарап жактан бөйрөктөргө буту менен тепкилеп жатышканын сезген. Ал жерде жаткан маалда ага «тур өлүмүштөнбөй» деп айтышкан. Андан кийин кайра аны автоунаасы турган үйдүн жанына сүйрөп алып келишкен. Арыктагы сууга анын башын тыгып, чумкутушкан. Сабагандардан бири «болду, бул өлдү» деп айткан.

Андан кийин арыкка аркасы менен түшүргөндө эсине келген. Ошондо дагы бирөөсү бет тарап жакка эки жолу уруп жиберген. Андан соң эмне болгону эсинде жок. Бир маалда бетине топурак түшүп жатканын билген. Бир учурда телефондун үнү угулуп, ал жерге жөргөлөп барган. Көзүнө эч нерсе көрүнгөн эмес, анткени бети шишип, көздөрү жабылып калган. Телефонго жооп берген маалда келинчеги менен сүйлөшүп, ага «мени алып кет, балдар сабап кетишти» деп айткан. Андан кийин келинчеги алып кетип, эсине келгенде Ысык-Ата аймактык ооруканасында экенин билгенин.

Эрмек Ысык-Ата райондук сотунун 2023-жылдын 27-апрелиндеги өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-16-пункттары (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен күнѳѳлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 12-декабрындагы өкүмү менен Ысык-Ата райондук сотунун 2023-жылдын 27-апрелиндеги өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Айыпталуучу Эрмектин жактоочусу Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирген. Ал биринчи жана апелляциялык инстанция сотторунун өкүмдөрүн өзгөртүп, ишти Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен квалификациялап, аталган берененин негизинде жаза дайындоону сураган.

Жогорку соттун 2024-жылдын 25-майындагы токтому менен Ысык-Ата райондук сотунун жана Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️