Пример HTML-страницы

Чүйдөгү рейдде бир күндө 5 айдоочуга 10 миң сомдон айып пул салынды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунда «Маяк» аталыштагы бир жумалык рейд өтүп жатат. Анда 2 райондо бир күндө 5 айдоочуга 10 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин максаты — айдоочулар медициналык тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтарынын унааларына жол бошотуп, өткөрүү эрежелеринин так сакталышын көзөмөлдөө.

Бүгүн, 12-июнда Панфилов районунан 3 , Москва районунан 2, тактап айтканда жол эрежесин бузган 5 айдоочуга протокол түзүлүп, ар бирине 10 миң сомдон айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE