Пример HTML-страницы

Чүйдөгү май куюучу жайларга айдоочулардын кан басымын өлчөөчү аппараттар коюлуп жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусундагы жолдордо унааларга май куюучу жайларга айдоочулардын кан басымын өлчөөчү аппараттар коюлуп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, түзүмдүн кызматкерлеринин сунуштамасынын негизинде Чүйдө жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочулардын кан басымын өлчөөчү аппараттар коюлуп жатат. Азыркы учурда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында жана Бишкек—Ош унаа жолунун 22-чакырымындарында жайгашкан май куюучу жайларда коюлду. Алар менен ар бир адам, айдоочулар, келип кан басымын текшерип алса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE