Чүйдөгү ишканалардын биринде 21 жаштагы жигит каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облсунун Ысык-Ата районундагы ишканалардын биринде 21 жаштагы жигит «Вольво» үлгүсүндөгү унаанын артына кыпчылып каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы окуяны тастыктап, 2024-жылдын 24-август күнү болгонун билдиришти.

Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Ивановка аймактык ооруканасына 2003-жылы туулган Т.А. аттуу жарандын жансыз дененеси алынып келингедиги боюнча кабар келип түшкөн. Бул факт Ысык-Ата РИИБине катталып, маалыматтын негизинде ыкчам-тергөө тобу дароо барып, окуя боюнча төмөндөгүлөрдү аныктаган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Ысык-Ата районунун Гидростритель айылындагы ишканадан «Вольво» унаасынын арткы эшигин жаап жаткан учурда Т.А. аттуу жаран кыпчылып калган. Т.А.ны дароо айылдык ооруканасына алып жөнөшүп, бирок жолдо бара жаткан учурда каза болгону аныкталган.

Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️