Чүйдөгү фермер Арашан кочкорду 50 миң сомго баалады

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-июлда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы мал базарда бою 1 метр Арашан кочкор 50 миң сомго сатыкка коюлду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ар айдан жекшемби күндөрү райондун борбору Беловодск айылында мал, чөп жана жайма базар болот. Өткөн жумага салыштырганда баасы 30-50 миң сомго чейинки Арашан тукумундагы кочкорлор сатыкка көп чыкты. Ал эми койлор эттүүлүгүнө жараша 15-20 миң сомго бааланды.

Жергиликтүү фермер 1 жаш 3 айлык Арашан кочкорун 50 миң сомго сатыкка койду.

«Мал жана айыл чарбасы менен алектенем. Бул Арашан кочкордун бою1 метрге жакын. Ал эми денесинин узүндугу 1 метр 50 сантиметр. Эттүү жана салмагы да бир топ. Үчөөбүз араң көтөрүп, унаага салдык. Бул кочкордон алынган 6 айлык козуларды өткөндө Сокулукта өзбекстандык кардарларга 25 миң сомдон саттым», — деди фермер.

Ал эми мал базарга жанаша жайгашкан чөп базарда кышкы тоют сатыкка көп чыкты. Анда 2-орумдагы беденин бир таңгагы 220 сомдон болсо, саман 100 сомдун тегерегинде болду.

Пример HTML-страницы

«Ар жекшемби күндөрү кышкы тоют сатам. Быйыл аба ырайына байланыштуу элде чөп арбын. Бирок ар жума сайын анын баасы да 20-30 сомдон көтөрүлүп жатат. Жолдун эки жээгинде жана ортосунда чөп жүктөгөн унаалар тизилип, батпай турат. Бирок кардарлар аз», — деди сатуучулардын бири.

———————————————————-

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы арашан аттуу жаңы кой породасын каттаган. Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган.

Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. Арашан породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️