Чүйдөгү дыйкандарга сууну үнөмдөө ыкмасын көрсөтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Чүй районунда дыйкандарга сууну үнөмдөө системасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу агроном Жаныбек Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бул ыкманы интернеттен көрүп, практика жүзүндө фермерлерге көрсөтүп берди.

«Полиэтилен клеёнканын жардамы менен сугаруу системасы дыйканчылыкты жаңы баштагандарга да ыңгайлуу. Ал үчүн полиэтилен клеёнка керек. Клеёенка аркылуу суу атайын желимден жасалган тешик аркылуу агып, өсүмдүктөр сугарылат», — деди Бейшеналиев.

Ал эми фермер Бахтияр Кочкоровго сугаруунун бул ыкмасы абдан жаккан.

«Бир жагынан суу үнөмдөлсө, экинчи жагынан каражат үнөмдөлөт. Себеби сугаруучулардын акысы кымбат. 1 гектар жерди 3000 сомго сугарышат. Бир сезондо жер 3-5 жолу сугарылат. Бул ыкмада клеёнка жана түтүктү сатып алып, өзүң сугарсаң болот», — деди фермер.

Пример HTML-страницы

Башка фермерлер аталган ыкма менен сугарууда суу бирдей жайылып, топурак жуулуп кетпей турганын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️